www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенге ойду, тоону сүйлөгөндөр эмес, президент баш болуп, эл ичиндеги акыл-эстүү, акыл калчаган адамдар барып, эл менен кеңешип бир чечимге келүүсү зарыл. Мындай пикирин жазуучу Кеңешбек Айтикеев билдирди.

"Орунсуз чыккан жарлык, келишим.

Кечирип койгула, бул кадам жакшылыкка алып барбайт, ар бир чыгарылган чечим элге түшүнүктүү чечмеленип берилсе эч ким каршы сөз айтпайт. Президенттин аппаратынын маалыматтык саясатын жүргүзгөндөр убагында так, туура маалымат берип турса ич ара мындай келишпестиктер болбойт эле.

Ооба, эл ичинде түшүнгөнү да түшүнбөгөнү да ойлорун айтып, жазып жатат, ал үчүн элге түшүнүктүү так маалымат керек. Чындыгында Баткендеги чек ара маселесин чечүү өтө татаал, бүгүн алтын баштуу президент келсе дагы элдин оюндагыдай чече албайт, анткени Ворух анклавында күндөн күнгө эл өсүп жатат, аларды жерге батыруу, жайгаштыруу керек, кошумча жер талап кылынат. Ал маселе чечилмейинче тажик менен кыргыздын жер талаш чатагы улана берет.

Көйгөй элде жаралат, көйгөйдү чечүүнүн жолун ошол көйгөй жаралган эл өздөрү билет, ошолор менен кеңешип чечкенде гана бул киризистен чыгуунун жолу табылат. Баткенге ойду, тоону сүйлөгөндөр эмес, президент баш болуп, эл ичиндеги акыл-эстүү, акыл калчаган адамдар барып, эл менен кеңешип бир чечимге келүүсү зарыл. Күч менен, коркутуу менен маселе чечилбейт, өз ара түшүнүшүү менен гана маселе чечсе болот.

Баш катат, кандай чечсе болот? Жооп жок.

Ошондой болсо да мен өз оюмду ортого салып көрөйүн, Ворухтагы жашаган элге, жердин аянтына жараша Тажикстанга чектеш жерден жер бөлүп берүү менен чечсе жакшы болор эле. Анткени эли көбөйсө дагы калган маселени тажиктер өздөрү чечип алышмак, чек ара боюнча баш оору токтомок. Биздин эл тынч жашамак. Баткендик туугандар ушул маселеде ой жүгүртүп, кайсыл жерге алмашуу жүргүзсө туура болчудай карап көрсөңүздөр. Балким башка дагы жагдайлар бардыр кепти ортого салсаңыздар ыңгайлуу шарттар пайда болуп калаар", - дейт Айтикеев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости