www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Агай, жакында эле Улуттук илимдер академиясында академиктер, мүчө-катчылар шайланды. Шайлоо канчалык адилет болду деп ойлойсуз?

-- Шайлоо эрежеси одоно бузулду. Себеби, акыркы шайлоо 2010- жылы болгон. Эреже боюнча ар 4 жылда бир болуш керек. Бирок, эки шайлоо өтүп кеткендиктен шайлоого 75 эмес, 85ке чейинкилер катышыш керек эле. Андай болгон жок. Илимде ачылыш жасаган Кушбак Тажибаев мүчө катчы болуп да шайланбады. Эгерде ачылыш жасаган адам мүчө-катчы боло албаса, мындай академиянын кимге кереги бар? Экинчи мисал, республикага белгилүү жалал-абаддык хирург Абдыраманов Калдарбек шайланбай калды, бул жерде да суроо пайда болот: мүмкүн, илимий эмгектери жоктур?..

-- Академиянын өзүнүн акыбалы кандай?

-- Академияда иштеген илимдин доктору 15 миң сом айлык алат. Бул деген илимди шылдыңдоо. ЖОЖдордо лаборанттар ушундай акча алып жатышат. Академияга келсең, эртең мененки саат ондо 50 адам иштеген жерде 5 адам отурат. Түшүнөм, бюджетте акча жок, демек, биз академияны ички резервдин эсебинен оңдошубуз керек.

Иштегендердин санын 4-5 эсе кыскартып, айлыкты 30-40 миңге жеткирсе болот. Антпесек, академия жоголуп бара жатат. 1991- жылдан бери академия сызга отурган. Мына, Мурат Садырбековичтин президент болгонуна 5 жылга аяк басты. Өзү жакшы адам, анда сөз жок, бирок улуу грек философу Сократ айткандай, “Менден таалим алгыла, бирок, чындыкты кармангыла”, же философ Аристотел айткандай, “Платон менин досум, бирок чындык андан бийик турат”.

-- Бирок, экинчи жагынан акыркы кездерде “илимге жаңылык киргизип, пайда бербеген академиянын деги кереги барбы?” деген суроо коюлуп жатпайбы. Бул пикирге кандай дейсиз?

-- Буга бир чети кошулам. Мисалы, азыр Өзбекстанда, Казакстанда COVID-19га каршы вакцина жасалып жатат. А биздечи? Эмне үчүн биз жасай алган жокпуз? Вакцина – биринчиден, элдин ден соолугу, экинчиден, өлкө үчүн каражат алып келмек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости