www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Келечектин популярдуу кесиптери кайсылар?

Илим жана технологиянын күн санап баш айланткан тездик менен өнүккөн доорунда жашап жатабыз. Бул темп менен жүрүп отурса, келечекте кандай өзгөрүүлөрдүн болушу азырынча табышмак. Ошентсе да, адистер жасаган изилдөөлөргө ылайык келечектин эң эле популярдуу 10 кесиби белгилүү болду.

  1. Актуардык эксперт

Алгач “актуар деген эмне?” суроосуна жооп издеп көрөлү. Актуар – финансылык рисктерди баалоо менен чечимдерди сунуштоочу жана ар бир чечимдин узак убакыттан берки натыйжаларын карап чыгуучу профессионалдарга берилген ысым. Кыскача айтканда, түрдүү тобокелдиктердин алдын алуучу кесиптин аталышы. Бул кесиптин ээлери риск анализинен соң финансылык жоготуулардын алдын алып же болбосо эң төмөнкү деңгээлге түшүрүүгө аракет кылышат.

  1. Мобилдик тиркеме жана оюн иштеп чыгуучу

Технологияга кызыккандар үчүн эң эле ыңгайлуу, жеңил кесип.

  1. Робот координациялоочу адис

Бул адистиктин ээлери роботтун конструкциясы жана тейлөөсү боюнча тиешелүү кызматтарды аткарышат. Келечекте роботтордун доору өнүгүп, аталган адистерге муктаж болушубуз толук ыктымал.

  1. Финансылык менеджер

Аталышы айтып тургандай уюмдардын финансылык иштеринин милдетин аткарган адистиктин ээси.

  1. Шаар боюнча эксперт

Жашаган турак-жайыбызды компьютер менен башкаруучу доор алдыда. Мындай уюштурууда аталган кесип ээлерине муктаждык жаралат.

  1. Эпидемиолог

Бул кесип ээлеринин милдети, коомдо пайда болгон түрдүү оорулар боюнча ага тиешелүү ден соолук шарттары жана кырсыктардын изилдөө процессин баштан-аягына чейин алып баруу. Коомдун түзүлүшү, жалпы саламаттыктын абалы сыяктуу маалыматтарды анализдеп, оору менен күрөшүүдө салым кошушат.

  1. Индустриялык маалыматтар боюнча эксперт

Онлайн соода-сатыктын өнүгүүсүнүн натыйжасында талабы жогорулаган кесиптердин бири. Индустриялык маалыматтарды топтоп, анализдешет.

  1. IoT адиси

Бардык ишти интернет аркылуу аткаруу мүмкүнчүлүгү барган сайын артууда. Ошого жараша бул тармак боюнча адистиктер дагы көбөйө баштады. Бир эле бизге эмес, заттарга дагы тиешелүү абал. Ал заттарды интернет аркылуу башкаруу үчүн аталган кесипке муктаждыктар жаралат.

  1. Маалымат детективи

Интернет тармагындагы маалыматтарды анализдөө менен сакталышын камсыздоочу кесип ээси. Бул адистин жардамы менен чоң фирмалар убакытты экономдоп, тиешелүү анализдерге ээ боло алышат.

  1. Маалымат коопсуздугу боюнча эксперт

Кибердик чабуул үчүн аталган кесип ээлерине муктаждыктар жаралат. Бир эле мезгилде чоңдор үчүн да, кийинекейлер үчүн дагы керектүү кесип.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости