www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каяша айтсам болобу бурадар?

Кече кечинде мен, “Ой-пикир бөлүшсөм болобу?” – деп, ой толгоо жазгамын.

Ал макалада, кеп Матраимовдор жөнүндө өз оюмду ортого салгамын. Болгону, алар алааматтуу апаат башталгандан баштап, Мекени үчүн материалдык жардам көрсөтүшүп, пандемиядан жабыркагандарга обсерватория ачышып, көчөдө ооруканаларга алынбай калгандарга баардык шарттарын түзүшүп, нечендеген вируска чалдыккандардын өмүрлөрүн сактап калгандарын баса белгиледим эле. Мунун эмнеси жаман?

Анан эле, ошол кара кылды как жарган, калыстыгым үчүн, мени айрымдар төө бастыга алышып: “Раим миллионго сатылыптыр, чөнтөгүн акчага толтуруптур...” жана ушул сыйактуу, көр дагы жийиркенип албаган көралбастардын мени шыбап жазгандарына күбө болдум. А бир ак, ал үчүн кейибедим. Эмесе...

Эмесе, аргасыздан ошол ичи-тар, ак менен каранын айырмасын билбегендерге, жооп жазууга мажбур болуп турамын, туураланбаган туугандар. Чындыгында, бир тууган Матраимовдор, элдин башына болуп көрбөгөндөй кырсык келип, күнүнө жүздөн ашуундар өмүрлөрү менен коштошуп, аларга ага-туугандарын жолотушпай, итти көмгөндөй көрсөтпөй жашырышып, элдин ээси ооп, үмүттөрү үшүмөк турсун, үзүлүп, бүлүнүп калган кезде, Кыргызстандын баардык аймактарына керектүү азык-түлүктөрдү учурунда миңдеген тонналап жеткирип бергендери анан калса жалган беле? Карайлап калган карапайым калкка кайсыл капчыктуу көпөстөр жардам беришти, Матраимовдорго окшоп? Же болбосо жалганбы? – кара туумоодон жабыркаган жумурай журт?
Баардыгынан баасыз эмне? Албетте, адамдын бир келген өмүрү. Ал акча, алтын менен эсептелбейт. Туурабы? Башкаларды билбеймин, жеке өзүмдүн башыма түшкөн бул сыноодон, келинчегим дал ушул Матраимовдор ачкан “РИХСОН” аттуу мейманканада, Матраимовдор ачкан обсервацияга жаткырылып, 15 күндөн кийин, сакайып чыкты. Абалы барганда абдан оор болчу, эки өпкөсүн тең илдет чаап кеткен. Ал эми, ал жерде дарылангандардын саны жүзгө жакын эле. Дарыгерлер чуркап карашып, медайымдар мүнөт сайын бөлмөлөргө киришип, уколдорун алмаштырып сайып жатышып, ошол жакка кайрылгандардын баарысы аман-эсен үйлөрүнө кайтышты. Бул, айкөл биртуугандардын көптөгөн обсервацияларынын бири эле. Ал эми, андайлар Ош, Бишкек жана башка жерлерде канча экендерин, так билбейт экемин. Ал жагын, Матраимовдорду каргап-шилегендер көрүп турса да, эч билгилери келбейт.

Дал ушуларга окшоп, башка акчалуу олигархтар, ошол өтө опурталдуу жана кооптуу учурда, көчөдө ооруканага жетпей, жетсе да жакшы денгээлде каралбай миңден ашуун адамдар каза табышкандары, анан жалганбы?

Ооба, агерде, ушул Матраимовдор мага чыгып, учурашса, анда мен бир эле маселени чечип бергиле – деп суранмакмын. Ал эмне өтүнүч – дебейсиңерби?
Элмирбек Иманалиевдин өткөнүнө 132 күн болуптур. Ушул аралыктын ичинде, мен “Элесиң элдин эсинде, Эл акыны Элмирбек” аттуу даректүү китеп жаздым. Дал ошол китепти чыгарууга жардам бергиле – деп өтүнмөкмүн.

Ушул китеп жарык көрүп калса, ал Элмирбекке эч кереги жок, ал китеп анын замандаштары бизге жана болочок урпактарга аба-суудай керек. Учурунда, мен ырдын пири Ырысбай Абдыкадыров жөнүндө да эки том китеп жазып чыгаргамын. Экинчи китебин чыгарууга, азыркы биз күнүгө тилдеп, каргап-шилеп жаткан ажобуз Сооронбай Жээнбеков колдоо көрсөтүп, “Ырдүйнөң чексиз керемет, Ыраалам толкуп термелет” аттуу даректүү китеп жарык көргөн. Андыктан ажообузга чоң ыракмат. Адилет үчүн айтып жатам. Буга чейин айткан эмесмин. Бул үчүн дагы мага асылгыла... Себеби, Сооронбай Шарипович “Ырысбай Абдыкадыров фондунун” негиздөөчүсү.

Улук залкарлардын өмүр байандары жалпыбызга аба-суудай керек.
Ичиңер күйгөн көралбастар, агерде, мени каралап шыбасаңар, жок дегенде, менин жазгандарымды талдап, тактап, тастыктап, таразалап туруп, акылпарасатыңарга жараша, акыл калчап, ой пештеп, анан мага асылбайсыңарбы? Эмесе...

Эмесе, асыласыңарбы, ичиңер күйүп жарыласыңарбы ал силердин ишиңер урматтуу менин фейсбуктагы досторум. Ал эми, бирок, эмес, бир ак... Ооба, Бир ак, адилет, акыйкат жагы бар. А бир ак, өчүңөр бардан бетер, прокурор сот болуп, эч далилдери жок эле, каралап, курулай эле, Матраимовдорду кууруй бербегенден силерге мүйүз чыгабы, чекеңерге. Чынын айтканда, жалпыбыз, мен дагы баш болуп, өлкөбүздү алаамат каптаганда, ушул биртуугандарга окшоп, жок дегенде бир жетим жесирге, жакырлыктан жабыркаган жакырларга, дары дармекке акча таппай карайлап калгандарга, кол сунуп жардам көрсөтө алдыкпы? Жок да. Туурабы? Мына кеп ушунда. Албетте айрым азаматтарды атабаганда. Арасынан онбеш миллион накталай акча бергендер да бар. Эми алардын баардыгын атасак, ал өзүнчө китеп болот)... Демек...

Демек, көралбастыктын дагы чеги болот туугандар. Каралоонун дагы чек-чеби болот, мурунуңардан алысты көралбагандар... Мени канчалык “сатылды” – деп каралабагыла, а мен жалпыңарды сыйлап жакшы көрөм, алп акын Саяковскийди баш кылып. Оорубагыла! Жалпыбыз атайын таратылган ушак-айыңдардан алыс бололук. Көңүлдөн ыйык эч нерсе жок. Ойноп сүйлөсөк да, ойлонуп сүйлөйлүк. Кандай дейсиңер замандан мекендештер?

Сатылбаган жана сатпаган Эркин журналист, публицист Мелис Арып-Бек

Булак: NazarNews.kg

Последние новости