www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент А. Атамбаевдин лексиконундагы “келемиштер”, “кузгундар” деген сөз байлыктары кыргыз журтчулугуна кеңири маалым. Жек көргөн адамдарына багыштаган Президенттин көңүл кырына илинип, башкаларды кемсинтүү объектисине айланган бул жаныбарлар жөнүндө биз эмнелерди билебиз? Окуп көрчү, окурман... Өзүң баамдап көрчү...
Биз сөз кылууну көздөп турган кырдаал “келемиштердин королу” деген технологияны колдонуудан улам пайда болгон. Анын негизги максаты-социалдык конструкциянын чиеленген маселелерин, көзгө көрүнбөгөн жерпайын жана биримдигин жок кылууга багытталат. Бөлүнүп-чачылуу атмосферасы күч алып, ар бир адам өз кызыкчылыгын баарынан жогору коюп, “өзүбүздүн адам” деген түшүнүктү жокко чыгарган атмосфера түзүлөт. Аларды ишке ашыруу үчүн адамдын адеп-ыйманын жок кылуу талап кылынат. Ишенген адамын сатып кетүү адеп-ахлактын биротоло жок болгондугунун көрсөткүчү.
Бул технологиянын маани-маңызын келемиштердин жүрүш-турушунан даана көрө алабыз. Бул жаныбарлар башкалардан биринчи кезекте кандай шартта болбосун жашап кетүү жөндөмдүүлүгү менен айырмаланып турат. Мындай жөндөмдүн негизин алардын социалдык бекем биримдиги түзөт. Келемиштер укмуштуудай социалдык жаныбарлар. Алар “ишке” чогуу барышат, бири-биринен жардамдарын аяшпайт, кандай учур болбосун бири-бирин коргоого даяр, жарадар болгондорун орто жолго таштап кетишпейт. Келемиштердин тобу өздөрүн бир организмдей сезишет жана ошондой алып жүрүшөт. Алар бири-бирине маалыматты тез беришет, алдыдагы коркунуч жөнүндө токтоосуз билдиришет жана андан буйдалбай чыгып кетүүнүн жолдорун да көрсөтүп турушат. Жашоонун мындай эрежелеринде өз кызыкчылыгын алдыңкы орунга коюу мүмкүн болбой калат. Коргонуу механизми адеп-ахлак жол-жоболорун бекем карманууга өбөлгө түзөт.
Келемиштер менен күрөшүүнүн эң бир натыйжалуу жолдорунун бири-алардын коргонуу механизмин жок кылуу болуп эсептелет. Коргонуунун негизин ыйман түзгөндүктөн, бул ыкма мына ошол ыйманды жок кылууга багытталат. Бардыгынын ыйманын бир учурда жок кылуу мүмкүн эмес. Бир-бирден, акырындык менен сындыруу башка кеп. Андай учурда акыл-эс чындыгы чечүүчү мааниге ээ болгудай шарттар түзүлөт. Ал үчүн буга чейин жасоого мүмкүн эмес болгон алгачкы кадамды жасоого аны мажбур болууга жеткирүү зарыл.
Ал мындайча жасалат.
Килейген чоң жана күч-кубаттуу келемишти көпкө чейин ачка кармашат да, анан ал отурган темир торго жаңы гана өлтүрүлгөн келемишти ташташат. Бир топ олку-солкулуктан кийин ал өлгөн тууганынын этин жешке аргасыз болот. Себеби, ага акыл-эс чындыгы “бул сенин тууганың болбой калды. Бул эми тамак” – деп айтып жатты. Ага эми баары бир, ал эми сен болсо жашашың керек да. Демек, туганыңдын эти болсо да жешиң керек.
Кийинки жолу ыймансыздыктын планкасы дагы көтөрүлөт. Бул ирет темир торго араңжан келемиш ташталат. Жаңы тамак “өлөсөл” болуп турганы менен, баары бир тирүү жан да. Бул ирет дагы акыл-эс чындыгы абалдан чыгуунун жолун кулагына шыбырайт. “Ал баары бир өлөт, а сенин жашашың керек.” Ачка келемиш ага да макул болуп тирүү тууганынын этин жешке мажбур болот.
Үчүнчү ирет темир торго тирүү, ден-соолугу чың “тамакты” бирок тигиден алсыз келемишти киргизишет. Күч-кубаттуу келемиш акыл-эс чындыгына баш ийүүгө мажбур. Мындан башка жей турган эч нерсе жок. Экөөбүз тең өлүп калгандан көрө, күчтүүбүз жашашы керек. Ошентип, күчтүү келемиш үстөмдүк кылып, үчүнчүнү да жеп салат. Көңүл буруп карасаңар, күчтүү келемиштин “жеш керек, жебеш керек” чечимине келүү убактысы уламдан-улам кыскарып отурган. Ошол эле убакта, ар бир “өз тууганын” жеген сайын анын ыймансыздыгы күчөп, ашына берген. Кандайдыр бир убакыттан кийин келемиш эч нерсе жөнүндө ойлонбой, ага баары бир болуп, туугандарын тамак катары гана эсептеп калган. Темир торго ыргытылган башка келемиштерди ошол замат баса калып, аёосуз чайнап, жеп салганга маш болуп бүткөн. “Жесемби, жебесемби?” деген ой мээсине келбей калган убактан баштап келемиштин ыйманы тыптыйпыл жок кылынды.
Кийин аны кайсы бир учурда алып келген өз үйүрүнө кайрадан кошуп коюшту. Бирок, бул мурдагы келемиш эмес эле. Бул эми ыймандын жугу да калбаган, макулук болуп калган келемиш болчу. Анын мындан аркы жүрүш-турушунун өзөгүн жеке кызыкчылыгы гана түзүп калган. Тегерегиндегилер болсо анын ким болуп калгандыгынан кабарсыз эле. Ошондуктан, аны баягы эле өз тууганы катары көрүшүп, толук ишенип жүрүштү.
Ал эми сыртынан өз туугандарынан эч айырмаланбаган, келемиш кейпин кийип алган макулуктун башына көп күттүрбөстөн мындай ой келди: тегерегимдин баары жапжаңы, жыпжылуу эт болуп турса, аны башка жактан издеп эмне кылам? Акыл-эс чындыгы анын иш-аракеттерин ошентип жөнгө салып койду. Ал эч нерседен шек санабаган, бейкапар келемиштерди алдыртан баса калып, жей баштады.
Көп өтпөй эле ал тамактануунун эң жакшы, коопсуз жолу – туугандарына ачык кол салып, жеп коюу эмес экендигин, анте берсе бир күнү этеги ачылып калаарын түшүнүп, аны башкаларга билдирбей жасоо чечимине келди. Ошентип, ал өз “тамагын” ар кандай шылтоолор менен тирүү жан көрбөгөн жерге ээрчитип барып, ай-буйга келтирбей жеп салууга каныга баштады.
Келемиштер коомчулугунда алардын арасында кой терисин жамынган карышкыр пайда болгондугу тууралуу сөз тарап, алар турган жерлерин которуп, башка жакка кетүүгө аргасыз болушту. Алар келемиш кейпиндеги желмогуздун айбандыгын жуктуруп алуудан, өздөрү да ошого окшоп калуудан коркушту. Алардын аң-сезими аларды алдаган жок. Эгер алар дагы тигил макулуктун жолуна түшсө анда тормозу жок, чыккынчылар менен тытмалап жегенге маш жегичтердин коому пайда болоору анык эле. Ыймансыздык атмосферасы социалдык коргонуу механизмин талкалап, коомду тыптыйпыл жок болууга алып келет.
Жадагалса келемиштер дагы биримдикти бүлгүнгө учураткан, бири-бири менен ырылдашып, аягы көрүнбөгөн согушка айланган коомдо жашагылары келишпейт. Мындай учурда келемиштер адамдардан дагы акылдуурак келишет. Алар акыл-эс чындыгына негизделген өзүмчүлдүк илдетинен келемиштер элитасын сактап калуу максатында жер которуп кетүүгө мажбур болушат.
Келемиштерди жогорудагыдай өзгөрүүдөн биздин түшүнүгүбүздөгү эркиндиктин жоктугу сактайт. Алардын иш-аракеттеринин бардыгы тубаса сезимге байланган. Тубаса сезим коом ичиндеги эң негизги маселе – тамак таап жеш, ал гана эмес кайсы бир келемиштин тагдыры да эмес-ыйман экендигин эчак эле аныктап койгон. Кандай гана социалдык түзүлүш болбосун анын жерпайын ыйман түзүүгө тийиш. Ыймандын бузулушунан сактануу үчүн келемиштер жугуштуу ооруну тараткычтардан алыс болушат. Жерпайды сактап калган келемиштер өздөрүнүн калыптанган баалуулук чендерин жана акырында, жан-жаныбар катары өздөрүн да сактап калышат.
Адамзат коомун бүлгүнгө учуратуу да “келемиштердин коому” технологиясынын жардамы менен ишке ашырылат. Болгон соккулардын баары ыйманды талкалоого багытталат. “Өз” деген түшүнүктү жок кылуу үчүн бардык ыкмалар колдонулат.
Жалаң керектөө менен алектенген коомдун жаратылышында “өз” деген түшүнүк жокко чыгарылып калат. Бардыгы сага жат, бардыгы сен үчүн тамак гана.
Уландысы кийинки санда
Булак: "Алиби"