www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ак илбирс» улуттук сыйлыгы кинематографиянын жетишкендиктерин даңазалоо, жайылтуу жана көркөм деңгээлин жогорулатуу максатында 2012-жылдан бери тапшырылып келет. Быйыл сыйлык тапшыруу аземи 14-апрелде «Манас» кино театрында өтөт. Аталган сыйлыкка 2016-жылы жарыкка чыккан ар кыл жанрдагы тасмалар ат салышат.  

- Айбек, чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар бар?

- Учурда жаңы сцераний жазып бүтүп, ошонун үстүндө иштеп жатам. Буюрса жакын арада таланттуу актер, актрисаларга кастинг жарыялайбыз. Тасманын жанры, аталышы жана башка кененирээк маалыматты, тартуу иштери башталганда маалымдайбыз. Андан сырткары жыл сайын өтүүчү «Ак илбирс-2017» улуттук кино сыйлыгын уюштуруу менен алекмин.

- «Ак илбирс-2017" улуттук кино сыйлыгына ат салышууга быйыл канча тасма келип түштү?

- 31 тасма конкурска катышуу укугуна ээ болгон. Арасында 14 толук, 10 кыска метраждуу жана 7 даректүү тасмалар бар. 23-мартта толук комиссия курамынын берген добушу менен 5 толук метраждуу,  5 кыска метраждуу, 4 даректүү тасма тандалып алынды. Эми калыстар тобунун берген баасы коюлган бланктарды атайын юрдикалык компания алып кетет. Ал эми сыйлыктарды тапшыруу аземи 14-апрелде «Манас» кино театрында өтөт.

- Конкурска негизинен кандай жанрдагы тасмалар катышты?

- Улуттук кино сыйлык болуп жаткандан кийин бул жерде чектөө жок. Келип түшкөн толук метраждуу тасмаларды карай турган болсок арасында мелодрама, драма, комедия, криминалдык драмалар дагы бар. Толук метраждуу тасмалар менен кыска метраждуу тасмалар бирге ат салышса туура эмес болуп калат экен. Ошондуктан, «толук жана кыска метраждуу, документалдуу тасма» деп бөлүп өз-өзүнчө сыйлыктар ыйгарылат. Ушул жерде айта кетүүчү бир маселе, документалдуу тасма дегенибиз менен телевизиондук жанрдагы документалдуу тасмалар көп келип түшүүдө. Бул эми кино сыйлык болуп жаткандан кийин кинонун, кинематографтардын мыйзамдарына таянып тандалып алынса, телевизондук кинолор катышпай калып, таарынычтар болууда.

- Бул жылы кандай өзгөчөлүктөргө күбө боло алабыз? Балким статуэткаларды жасоодо кандайдыр бир айырмачылык бардыр?

- «Ак илбирс» улуттук сыйлыгы алгачкы жылы 12 номинациядан берилген. 2013-жылы «Мыкты кыска метраждуу тасма» жана «Мыкты даректүү тасма» номинациялары кошулса, 2015-жылы «Орто Азиянын эң мыкты тасмасы» жана "Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн" деген дүйнөлүк кино өкүлдөрүнө берилүүчү номинация кошулган. Мындан беш жыл мурун негизделген иш-чара 16 номинация боюнча мыктыларды аныктап келсе, былтыртан баштап Борбордук Азияны толугу менен камтып, ага дагы эки номинация — "Борбор Азиядагы мыкты актер" жана "Борбор Азиядагы мыкты актриса" кошулду. Ал эми - статуэткаларды жасоодо эч кандай өзгөчөлүк болгон жок. 2012-жылы кандай жасалса, ошол эле үлгүдө, ошол эле салмакта жасалды.

- 2016-жылдагы кыргыз кино өнөрүнө кандай баа бере аласыз? Кино жаратуучулардын эмгеги акталдыбы?

- 2016-жыл кыргыз кино өнөрү үчүн чоң сынак болду. Себеби, жалпы дүйнө жүзүндө кино тармагы кризиске учурады. Коңшу өлкөлөрдү алып карасак көптөгөн кино тартуучу ири студиялар жабылып кетти. Өкмөттүн буйрутмасы 80 пайызга кыскарды. Кыргызстанда дагы чоң көрүнүктүү тасмалардын саны аз болду. Буюрса ал кризистен өттүк, 2017-жылдын башында «Апамды издеп», «Кентавр» тасмасы Берлиндеги кино фестивалга катышып жакшы ийгиликтер менен башталды. Алдыда «Саякбай манасчы» сыяктуу чоң-чоң салмактуу тасмалар тартылып, жарыкка чыгуу алдында турат.

Окурмандардын эсине: “Ак илбирс” сыйлыгы төмөндөгү номинациялар боюнча берилет.

 "Мыкты тасма"

"Мыкты режиссер"

"Мыкты сценарий"

"Мыкты оператор"

"Мыкты художник"

"Мыкты композитор"

"Мыкты үн режиссеру"

"Мыкты монтаж"

"Эркектин мыкты ролу"

"Аялдын мыкты ролу"

"Мыкты даректүү тасма"

"Мыкты кыска метраждуу тасма"

"Көрүүчүлөр тандаган мыкты тасма"

"Улуттук кинематографиянын өнүүгүсүнө кошкон салымы үчүн"

"Борбор Азиянын мыкты тасмасы"

"Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн"

"Борбор Азиядагы мыкты актер"

"Борбор Азиядагы мыкты актриса"

Булак: "Алиби"

Последние новости