www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда мыкты ырчылардын катарын толуктаган Нурлан Насип буга чейин көзүн чет өлкөдөн операция жасатып келген. Нурлан Насип ооруканада жаткан учурунда  жубайы чакан бизнесин ачып, көчөдө солкулдап ырдап турганын көзүбүз чалган эле.

Андан аз убакыт өтпөй эле Нурлан Насип менен Асель Кадырбекова ажырашып кетти деген калк айтса калп айтпайт дегендей эл арасында сөз тараган. Көп өтпөй ырчы Асель апасынын үйүндө кызы менен жашап жаткандыгын айтып, «Биздин менталитет сүйүүнү да, гармонияны да бузат. Ооба, мен чындыкты айтсам баарыңар мени жектешиңер мүмкүн. Бирок карантинден пайдаланып менде ойлонууга көп убакыт жетти. Мен жаңы бөлүмдөн жашоо баштайм», деп жазып чыгып, «экс» сүйүүсү Нурлан Насиптин «Инстаграм» баракчасынан «отписка» кылып чыгып кеткен.

Кыскасы, эки ырчынын эки ажырым жолго кетишкендигине үйдөгү майда-барат маселелер себепкер болгонун кыйытып жазган ырчы Асель. Баса, Асель буга чейин кыз кезинде, кызыл иңирде эле, ырчы Нурлан Насипти "күнөөлөп" жергиликтүү гезиттердин бирине маек берген эле. Күтө туралы, мүмкүн алардын катардагы «хайпыдыр» дейин десек, Нурлан Насип көп эле обу жок ырчылардын катарына кире бербейт. Бул жерде Нурландын бетин же Аселдин бетин таптаза суу менен жууп көрсөк кимдин-ким экени билинет, жаңылыктар алдыда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости