www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9-апрелге карата дүйнө жүзүндө коронавирус менен жабыркагандардын саны 1 миллион 511 миң 104 болду. Айыккандардын саны - 329 миң 329, каза болгондор - 88 миң 338. Бул маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды.

Коронавирустун жайылуусу боюнча биринчи орунда турган АКШда 430 миң 376 жаран жутурган. 23 миң 707 жаран илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 14 миң 739 адам каза болду.

Испания вирусту жуктургандардын саны боюнча экинчи орунга чыкты. Анда бул өлкөнүн 148 миң 220 жараны вирусту жуктурганы аныкталды. 48 миң 21 жаран оорудан арылса, 14 миң 792 адам каза болду.

Ал эми Италияда 139 миң 442 адам вирус жуктуруп, анын 26 миң 491и айыгып, ооруканадан чыгарылган. 17 миң 669 жаран вирустан көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости