www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстанда 8-апрелде, коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү жана азык-түлүк коопсуздугунун, жумуш менен камсыздоонун жана кирешенин маанилүү булагы болгон багбанчылыкты өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун талдоого арналган видео конференция болуп өттү. Анда президент Шавкат Мирзиёев жерин натыйжалуу пайдаланбай жаткан үй ээлерине расмий эскертүү берилиши керектигин, андан кийин жер салыгы өсүмдүктөрдү отургузбагандарга катуу чара колдонулушу керектигин айтты.
Айыл чарбасында убактылуу пайдаланылбай жаткан жерлерди ээлөө жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жумушка орноштуруу тутуму өз натыйжаларын берүүдө. Анжиян, Наманган жана Фергана облустарында 31 кооператив түзүлүп, 1600 жумушсуз адам жумуш менен камсыз болду. Мындай кооперативдердин ишин каржылык жактан колдоо максатында Өзбекстандагы фермерлердин, дыйкан чарбаларынын жана жер ээлеринин кеңешинин алдындагы Фонддун эсебинен 50 млрд. сом бөлүнгөн.
Учурда Өзбекстандын баардык аймактарында жазгы талаа жумуштары жүрүп жатат. Ошондой эле, жергиликтүү расмий өкүлдөргө үй чарбалары менен бир-бирден иштешип, алардын аянтына базарлык өсүмдүктөрдү отургузууну уюштуруу тапшырылды.
Президент баардык аймактарга жогорку тапшырмаларды жайылтуу менен жакырчылыкты жана жумушсуздукту кыскартууну тапшырды. Кооперативдин жумушсуз мүчөлөрү өндүрүш чыгымдары үчүн иш менен камсыз кылуу жана эмгек мамилелери министрлигинин фондунан 24 миллиард сум кошумча акча ала алышат. Мөмө-жемиш көчөттөрү, өсүмдүк уруктары жана башка материалдык ресурстар аз камсыз болгон, үй-жайсыз үй бүлөлөргө берилет. Жолугушууда жерин натыйжалуу пайдаланбай жаткан үй ээлерине расмий эскертүү берилип, андан кийин түшүм бербегендерге жер салыгы көбөйө тургандыгы расмий айтты.
Булак: NazarNews.kg