www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гезиттерден, социалдык түйүндөрдөн жана башка жарыя булактарынан «жолду ачып, кара дубаларды жандырабыз» сыяктуу билдирүүлөрдү көзүңүз чалса керек. Эл арасында «көзү ачык» аталган адамдар, аларга кайрылгандардын кызыктуу окуяларын Turmush басылмасынын кабарчысы иликтеп көрдү.
Алгач «көзү ачыктарды» социалдык баракчалар аркылуу издеп көрдүк. Көрсө, ал баракчада кепилдүүлүк сакталып, аларды издегендер көп экен. Пикирлердин арасынан байланыш номурларды таап, алар менен маектешүү тууралуу максатыбызды айтканда дароо байланышты үзүп жатышты. Акыры «көзү ачыктардын» бирине кара дуба жасап берүү өтүнүчү менен кайрылдык. Бирок акчабыз аз экенин да эскерттик.
Ош шаарынын Черемушка кичи районунда турам деген 70 жашка таяп калган энеге кабарчы турмушка чыга элек кызды ээрчите барган. Ал кардарларды жакшы тосуп алып, максатын сурай баштады. Ага бойдок кыз: «Жолдошум үйгө келбей, мүнөзү өзгөрүп калды», - деп арызданды.
Дароо карталарын жайып, жумушуна киришкен «көзү ачык»: «Сенин жолдошуңду бир кызы бар келин башын айлантып, окутуп алыптыр. Азыр жолдошуң эки анжы жолдо турат. Эгер сен азыр кармап калбасаң, ал келинге кетип калат. Ал келин сенден жакшы көңүл бурат экен», - деген божомолдорун тизмектеп айтып жатты. Ар жума сайын ак кант, чай, туз алып барса күйөөсүн кайрадан аны сүйдүрүүгө да убада берди.
«Этек кириң келгенде аны күйөөңдүн чайына кошуп ичиресиң, бирок анын дубасын 3 миң сомго жазып берем. Дубасыз ичирип койсоң кайра күйөөң менен ыркырашып, күндө урушуп каласың», - деген да сунушун айтууга жетишти.
Ал ортодо өзүнүн жолдошу да башка аялга кетип калганда, уйгур аялдан картаны жана дубаларды үйрөнүп, күйөөсүн кайтарып алганын айтты. Анын айтымында, эскилиги жеткен картаны да ошол уйгур аял берген.
40 жашка таяп калган аялдын сүрөтүн көрсөтүп, анын кайненеси күн көрсөтпөй жатканын, аны сүйлөбөй турган кылып дуба окутуп жатканын айтты.
«Мен башкалардын багын ачканым үчүн сүйүнөм, айласы кеткенде мага келишет», - дейт ал.
Кабыл алганы үчүн 100 сом сунганда кабагы бүркөлө түшкөн «көзү ачыкты» күйөөсү жок кыйналып жатканын айткан жардамчыбыз кайра келем деп ишендирип чыкты.
Ош шаарынын 47 жаштагы тургуну Гүлайым да бир учурда ушундай кызматты колдонгон. Ал биринчи ирет СССР тарап, жашоого үмүтү үзүлүп, тиричилик кылууну билбей калганда «көзү ачыкка» кайрылган.
«Союз тараганда элдер эптеп акча табуунун жолун издеп, баарыбыз базарга чыгып кеткенбиз. Базардагы кыз-келиндер келечегибиз кандай болот, жашообуз кандай болот деп башыбыз катып, "көзү ачыкка" барууну чечкенбиз. Орус кемпирге барсак эшикти кичине ачып, бирден киргиле деди. Башкаларды киргизип, мени "сенде баары жакшы" деп киргизбей койду. Ошондон кийин бакшыларга барбайм деп чечтим. Бирок кайрадан кайрылууга туура келди», - деген Гүлайым акчасын жоготкондо кайрадан кайрылган.
«Бишкекте ижарага алган үйдө өзбек аялдар менен чогуу жашачу элек. Бир күнү 700 сомдой акчамды уурдаттым. Ал убакта 700 сом чоң акча болчу. Үйдө жашаган келиндерден сурасам эч кимиси албаганын айтып туруп алышты. Эртең менен "Ош" базарына барсам толтура көзү ачыктар отурушуптур, эки эркек, калганы аялдар экен. Эч кимге ишенбей айланып басып жүрсөм, бир казак киши чакырып калды. Койдун далысынын сөөгүн күзгүнү карагандай эле карап, бардык нерсени көрүп жаткандай айтып баштады.
"Акчаңды үйүңдө жашаган жесир өзбек аял алып коюптур. Бирок азыр үйгө барсаң акчаңды бербейт. Садага кылып кой", - деди.
Апамдын кол жана бут оорусу мага өтөөрүн, башымдан өткөндөрдүн баарын айтты. Үйгө келсем чогуу жашаган аял чынында эле акчамды алганын айтып жалдырап кирди. Алган акчаны кайтарып бере албай турганын айтып, бутума жыгылган», - деди ал.
«Бир ирет көчөдө досум экөөбүз отурсак бир киши келип, жаныбызга отуруп калды. Колунда чыныгы тапанча, бир колунда сыра бар экен. Мени карап туруп эле башымдан өткөн окуяларды айтып, "жакында сол тарабың катуу ооруп, жатып каласың" деген. Чынында эле кийин жүрөктөн операция болуп калдым», - деди Гүлайым.
Ал эми кара дубаны жандыруу боюнча жарнамадан 37 жаштагы таластык Азамат аттуу мырзаны таптык. Кара дубаны Куран аркылуу жандырам дейт ал.
«Мага 6-класста Аллахтан аян келген. Аяндар көбүнчө багымдат убагында түшүп, булбул сайрап ойготот же кулагыма Куран угулат. Ал эми кара дуба түшкөн адам келээрден мурда да аян келет. Ал адам келгенде бир дем салып көрөсүң, кыйналсам кара дуба бар экени билинет. Кара дубаны көбүнчө жаш келиндер кайненелерине жасатып коюшат. Аларды 5 күндөн 20 күнгө чейин окуйм. Мынча акча бер деп сурабайм, көңүлүнөн чыкканын берип кетишет», - деди Азамат.
Кара дуба жана «көзү ачыктар» боюнча Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаевдин да пикирин уктук.
«Мен өзүм динге кире элек жаш убагымда Бишкекке окууга жөнөп жатсам, досум шаарга барган соң эмнелер боло турганын айтып берген. Чынында эле окууга барсам ошол окуялар болуп жатса аябай таң калганмын. Кийин кантип билгенин сурасам, божомолдоп эле айтып койгонун айткан. Ал эми "көзү ачыктар" боюнча айтсам мунун бир окуясы төмөнкүчө, бул Куранда да бар.
Кудай жин шайтандарды Сулайман пайгамбарга баш ийдирип берет. Жиндер адамдардан күчтүү болгондуктан Сулайман пайгамбар аларга чоң сарай курдуруп баштайт. Сарай курдуруп жатып, пайгамбар таягына жөлөнгөн боюнча өлүп калат. Ал таягын курт жеп бүткөндө гана дене жыгылат. Жиндер ошондо гана пайгамбардын өлгөнүн билишип, биз билбей иш жасай бериптирбиз деп баары туш тарапка качып жөнөшөт. Ошондон “жиндер баарын билсе эмнеге жанындагы Сулайман пайгамбардын өлгөнүн билген эмес” деген сыяктуу аят бар», - деди Самидин кары Атабаев.
Булак: "Турмуш"