www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова бир нече саат мурун өзүнүн социалдык баракчасына атын атабай аткаминер айымды,

«Сеул—Алматы каттамындагы учактын бардык жүргүнчүлөрүн биздин министрликтердин биринин жогорку кызматында иштеген, катуу мас абалдагы бир адамды 1,5 саат чыгара албай коюшкандыктан улам учурбай коюшту. Жазгым келген эмес, бирок азыр бизге бүгүн такыр учпай калышыбыз мүмкүн экендигин айтышты. Транзиттик каттам аркылуу учуп жаткан канча жүргүнчү бар, жалаң чет элдиктер... Шерменде!», - деп жазган эле.

Ишенимдүү булактардын айтымына караганда Сеул-Алматы каттамында учак ичинде мас болуп алып, дипломатиялык паспортун “визитка” кылып көрсөткөн мас айым Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова экендиги айтылууда.

Азырынча бул аткаминер айым “мастыгы” тууралуу өзү бир жообун айтабы же күнөөсүн сезип жаңы келиндей үлбүрөп барып өз арызын жазып кызматынан кетеби, күтө туралы?

Эске сала кетсек, кыргыз аткаминерлери бир нече жолу чет өлкөгө барганда атайын тартипти бузуп келишкендиги айтылып жүрөт.  Мындай алып караганда кыргыз элин уят кылып, эл аралык этиканы билбеген "маңбаштардын" Ак үй тарапка кереги барбы?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости