www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековго Апрель элдик революциясынын баатыры, милициясынын полковниги Кадыркулов Афтандил Камчыбековичтен 1966-жылы төрөлгөм. Кант шаарынын Гагарин көчөсүнүн №48 “а” үйүнүн №9 батиринде жашайм. КРнын ИИМнин академиясында бөлүм башчы кызматында иштейм.
Урматтуу президент, мен каршымын!
Жоругу жолдо калган “жорук кодекси” менен бузукусу баштан ашкан “бузукулар кодексинин” кыргыз мамлекетинде колдонулушуна каршымын! Жогорку көрсөтүлгөн мыйзамдардын колдонулушу ишке ашса, анда кыргыз мамлекетинде жашаган адамдардын инсандыгына жана кадыр-баркынын кол тийбестигине жана ыйыктыгына кол салуу болуп, инсандардын менчикке болгон кол тийбестигинин кысылышына, басмырланышына жол ачылат. Мамлекет өз инсандарынын кадыр-баркына карата мамиле кылбастан, материалдык байлыгына карата мамиле кылганга өтөт! Ар бир кылмыштуулук адамдын кадыр-баркына, ар-намысына, ой жүгүртүүсүнө өчпөгөн ызалуу так калтырып, кылмыштуулуктан жабыр тарткан адамдарда уялуу, кысылуу, арданууну жаратып, ошол сезимдери менен өмүр бою жашоого аргасыз кылат! Инсандардын кадыр-баркына, ар-намысына келтирилген кылмыштуулуктун баасы, адамдын жана инсандын менчигине келтирилген зыяндын базар баасына карата бычылып, аныкталуусуна жол берилбеш керек! Инсандын башына түшкөн кордукту бул “значительный” экен, а бул “незначительный” экен деп бөлгөнгө, Кыргыз Республикасынын Конституциясы жол бербейт! “Бул кодекстер, анти Консгитуциялык мыйзамдар - деп ишенимдүү айтам! Бир эле мисал, “жорук кодексинде” каралгандай: “...уурулук жолу менен инсанга келтирилген зыян 10000 (он миң) сомдон ашпаса, уурулук деп эсептелбестен жорук болуп калат экен да... Ошол "жорук" менен кармалган шектүү адам соттолду деп да эсептелбейт экен!!! Балдарым менен көргөн 5000 (беш миң) сомдук телевизорум уурдалса, ал арызым боюнча уурулук катары кылмыш иши гана козголбостон, уурулук катары да катталбайт экен!.. Урматтуу президент! Бул жоругу жолдо калган “жорук кодеси” менен, бузукусу баштан ашкан “бузуулар кодексинин” колдолунушу менен бүгүнкү күнгө чейин кыргыз мамлекетинде мыйзамдын аткарылбаганынан кор болгон адамдар болуп келсе, эми мыйзамдуулуктан кор болгон адамдардын армиясы пайда болооруна “бөркүмдөй” эле ишенем! Бул жоругу жолдо калган “жорук кодекси” менен, бузукусу баштан ашкан “бузукулар кодексинин” колдонулушу менен, кыргыз мамлекетинин адамдарынын жана инсандарынын кыргыз мамлекетинин бийлигине эле эмес, кыргыз мамлекетинин Конституциясына, кыргыз мамлекетинин Конституциясынын, адамдык жана жарандык укуктары менен эркиндиктеринин гаранты болгон сиздин, президенттик кызматыңызга болгон ишенбөөчүлүктү жаратат! Жогоруда көрсөтүлгөн бузуку кодекстер кылмыштуулукту легалдаштырып, мамлекеттин мыйзамдарына болгон ишеничти жоготуп, кыргыз мамлекетин башкарууга кылмыштуу адамдардын келишине жол гана ачпастан, ички жана тышкы саясатына да орду толгус зыян алып келет! Азыркы мамлекеттик бийликке, мыйзамдарга ишенбестик күч алып, адамдар чындык издеп “коля”, “дөө”, “чөөлөргө” арызданышып, кылмыш дүйнөсү бийлик өкүлдөрүнө таасири күч болуп турган абалда, жогорку кодекстердин колдонулушуна жол бербешиңизди өтүнөм.
Арыз ээси: Кадыркулов Афтандил Камчибекович
Булак: "Фабула"