www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мен 16 жаштамын, менден кийин 8 жаштагы карындашым 6 жаштагы иним бар. Атабыз каза болуп калган. Жакында апам турмушка чыккан, жыл айланбай өгөй атабыз 6 жаштагы иним уктабай жатса кур менен көтөнгө чаап коркутту. Апам экөө ал үчүн урушуп кетишсе өгөй атам мени ошентип тарбиялаган, мен да ошондой тарбия берем деп жатат, эми эмне болот? Иниме боорум ооруп жатат ал кичүүбүз болгон үчүн эрке өскөн.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлө жана баланы коргоо башкармалыгынын жетекчиси Жаңыл Жумабаева:
Бүгүнкү күндө ата-эне балага кантип тарбия берүүнү жакшы түшүнбөй жатат. “Илгери ата-бабаларыбыз деле ур-токмокко алып тарбия берген” деген жаңылыш пикир ата-эне психологиясына сиңип калган. Бирок бир нерсени эске алышыбыз керек, заман талабына ылайык өспүрүмдөрдүн аң-сезими өзгөрүлүп турат.
Өгөй ата-эне менен тил табыша албай, алардын зомбулугуна дуушар болгон балдар арбын. Бул жерде ата-эненин, сиздин абалыңызда апаңыздын ролу чоң. Бирок көбүнчө энелер өз укугун билбегендиктен, экинчи күйөсүнө көз каранды болгондуктан, үй жайы жок болуп, жолдошунун үйүндө жашагандыктан, экинчи турмуш кургандыгынан, күйөсү балдарына кол тийгизсе да атайын органдарга кайрылышпайт.
Өгөй атаңыздын кылганы туура эмес, иниңиздин укугу бузулуп жатат. Биринчиден эч коркпостон 111 же 102 телефондоруна чалып адистерге айтыңыз, ошондой эле жашаган жериңиздин социалдык коргоо мекемесине жана милицияга кайрылсаңыз болот. Мыйзамдын негизинде ата-энеңиз жана жашы жете электер менен иш алып барган атайын адистер, инспекторлор профилактикалык иштерди жүргүзүп, чара көрүшөт.
Булак: "Билесиңби"