www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда белгисиз адамдар электр кызматкерибиз деп келишип, каракчылык жасоо менен үй ээсинин ири суммадагы акчасын, алтын буюмдарын алгандыгын билдиргенбиз. 2018-жылдын 19-январь күнү саат 12:00 чамасында Ноокен районунун Масы айыл аймагына караштуу үйлөрдүн бирине белгисиз 20-25 жаштардагы эки жаран дарбазасын такылдатып, ошол үйдө жашаган 22 жаштагы А.М. аттуу жашоочу (келини) эшикти ачканда, биз электр кызматкерибиз деп үйдүн короосуна киришип, кылмышкердин бирөөсү жабырлануучунун оозун колу менен жаап, буту-колун байлашып, тапанча менен коркутуп, үйдүн кире беришиндеги бөлмөгө алып киришип, андагы алтын жасалгаларын чечип алышкан.
Андан кийин, акча кайсыл жерде деп коркутушуп, үйдүн бөлмөлөрүн чачып, акча издешип, уктоочу бөлмөдө турган темир кутуну табышып, кутуну автоунаага салып, издерин жашырып качып кетишкен. Темир сейфтин ичинде үй ээсинин документтери, баалуу алтын жасалгалары, акчалары болгон. Жабырлануучуга келтиринген чыгымдын суммасы болжол менен 1 000 000 сомду түзгөн.
Окуя болгон жерге Жалал-Абад ОИИБнин жетекчилиги менен Ноокен РИИБнин ыкчам-тергөө тобу келип, тийиштүү экспертиза дайындалган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, кылмыштын бетин ачуу максатында ыкчам-иликтөө тобу тузулгөн.
Эки күн өткөн соң, Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын Алма айылына кетчү “Бишкек-Ош” автожолунун четиндеги талаадан жабырлануунун үйүнөн каракталып алынып кеткен темир куту бузулуп ачылган абалда табылган. Жалал-Абад ОИИБдин жана Ноокен РИИБнин кызматкерлеринен түзүлгөн ыкчам-тергөө тобу тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, аталган кылмышка шектүү катары Бишкек шаарында убактылуу жашашкан Ысык-Көл облусунун 1990-жылы туулган Э. уулу М. аттуу жана мурда адам өлтүрүү беренеси менен соттолгон Ноокен районунун 1989-жылы туулган О.М. аттуу тургундары кармалышып, тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагы кылмыш ишин жасашкандыгы толугу менен далилденип, экөө тең Бишкек шаарынан кармалып алынып келинген. Учурда экөө тең эч жакта иштебейт. .
Ыкчам-иликтөөнүн натыйжасында кылмыштуу топтун мүчөлөрү каракталып алынган акча каражатына жеңил автоунаа сатып алышкандыгы аныкталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн автоунаа далил буюм катары алынды.
Азыркы учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка кылмышкерлерди кармоо боюнча комплекстүү иш-чаралар жүрүп жатат.
Ал эми кармалган жарандар башка дагы ушул сыяктуу кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугу боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат деп билдирет Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews.kg