www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-январда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы жалпы кырдаал, ошондой эле мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат алды.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев ошондой эле мамлекеттик чек арадагы өткөрмө пункттарды реконструкциялоо жана модернизациялоо иштеринин жүрүшү жөнүндө баяндап берди.

Мамлекет башчысы ведомство жетекчилигинин алдына чек арачыларды социалдык жактан коргоону жакшыртуу боюнча ишти улантуу, ошондой эле аракеттерди чек ара кызматы системасындагы коррупцияга каршы күрөшүүгө топтоо милдетин койду.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Мамлекеттик чек ара кызматына чек арачылар бөлүктөрүнүн аскердик даярдыгын жакшыртуу боюнча да бир катар тапшырмаларды берди.

Жолугушууга Президенттин кеңешчиси Жеңиш Разаков, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Дамир Сагынбаев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров катышты деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости