www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Кемерово шаарында карылар үйү жайгашкан үйдөн өрт чыгып, 20 киши каза болду. Алты киши жараат алган. Алардын экөө оор абалда ооруканада жатканы кабарланды.
20 киши жашаган үйдүн экинчи кабаты толугу менен күйүп кеткен. Кемерово облусунун прокуратурасы окуянын чоо-жайын териштирүүдө. Тергөө комитети этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келүү беренесинин негизинде иш козгоду.
Алдын ала маалыматтарга караганда, өрткө жылыткычтын бузулушу же мештеги оттун өчүрүлбөй калышы себеп болгон. Кырсык болгон карылар үйү мыйзамсыз ачылганы кабарланууда. Анда өрттү өчүрүү системсы дагы жок болушу ыктыма экени айтылды.
Облустун башчысы Сергей Цивилев аймактагы бардык карылар үйүн тешерүүнү тапшырды.
Өрт чалган карылар үйүнүн кожоюну жергиликтүү тургун Андрей Смирнов. 2021-жылы мурдагы кызматкери аны кары-картаңдарга кордук көрсөтүп, пенсиясын өзүнө ыйгарып алган деп айыптап чыкканын "Сибдепо" басылмасы жазган.
Булак: NazarNews.kg