www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Републикасынын Ички иштер министрлигине Чүй облусунун Кемин районунун Орловка шаарынын жашоочусу  Нуралы Шайкымбаев кайрылып, Кемин  районунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчилигине жана кызматкерлерине жоголгон малын бир канча убакыттан ичинде ыкчамдуулук менен табышып, кайтарып бергени үчүн сүйүнүшүп, ыраазычылыгын билдирүү ирээтинде  ИИМ жетекчилигине кат  жөнөтүшкөн. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Мен, Шайкымбаев  Нуралы Чүй облусунун Кемин районунун Орловка шаарынын жашоочусу болом. Мен Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында өз кесибин мыкты өздөштүргөн, профессионал, карапайым жарандардын кайрылуусуна кайдигер карабай, ыкчам жардам берүүнү көздөгөн кызматкериңиздер үчүн Сизге жана Кемин районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы Нурмат Давлетовго, ошондой эле төмөндө аты аталган кызматкерлерге терең ыраазычылык билдирем. Кызматкерлериңиздин жогорку деңгээлдеги профессионалдуулугу жана ыкчамдуулугу менен калктын арасында күндөн-күнгө  ишеними жана кадыр-баркы өсүүдө. 

2020-жылдын 25-июнь күнү Кемин райондук ИИБге мен Орловка шаарынын жашоочусу катары 102 телефону аркылуу кайрылып, жаш букам жоголгондугун билдиргем. Тез арада аталган РИИБдин башчысы өзү баш болуп милициянын аймактык тескөөчүлөрү А.Тыкырбашев, А. Чоконов жана М.Мамытовдордон турган тергөө тобу келген. Келээр замат РИИБдин башчысы малымды издөөнү уюштурууну колго алган. Өздөрүнүн профессионалдуу жана ыкчам иштеринин натыйжасында ошол эле күнү кыска убакыттын ичинде кечки маалда малымды аман-эсен таап беришти. 

Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилиги жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароого өзгөчө көңүл буруп жаткандыгын эске алуу менен, сиздер кол алдыңыздагы милиция кызматкерлериңизден дагы талап кылуудасыз. Ошондуктан мен Кыргыз Республикасынын жараны катары милиция бөлүмүнө кайрылганымда, ыкчамдуулукту туу туткан кызматкерлер малын бат  таап беришти деп билдирген.   Ушуга байланыштуу, Кемин райондук милиция бөлүмүнүн жогоруда аты аталган кызматкерлердин бардыгын кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө,  жарандардын кайрылууларына ыкчам аракеттерди көрүп, жардам беришкендиктери үчүн сыйлап койуу сунушун жиберген.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги милиция кызматкерлеринин иши жөнүндө коомчулуктун бардык ой-пикирин жогору баалайт жана кол алдындагы кызматкерлеринин дарегине айтылган жылуу сөздөргө терең ыраазычылыгын билдирет, ошону менен бирге ар бир милиция кызматкери өзүнө тапшырылган иштерди так жана кынтыксыз аткарууну, жарандарга үлгүлүү мамиле кылууга жана коомдук тартипти сактоо  жана кылмыштуулуктун бетин ачууда жана аны иликтөө жана тергөө процесстеринде мыйзам чегинде гана иш алып барууга дайыма талап кылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости