www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пневмония илдети эч кандай белгилери байкалбай эле өрчүп кетип жатат. Бул тууралуу Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башчысы Сабырбек Жумабеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады.

Белгилүү болгондой, пневмония илдети эч кандай симптомдорусуз күч алып, көбүнчө бейтаптар үйүнөн дарыланышууда.

«Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун филиалы Гансиде бейтаптар бул илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарыла баштады, кубанычтабыз. Бирок, тилекке каршы жаңы ооругандар азайган жок. Урматтуу бейтаптар, өпкө оорусу пневмония эч кандай симптомдору жок эле пайда болуп жатат. Бул өтө коркунучтуу», — деп жазган.

Симптомдор байкала баштагандан тартып, оору өпкөгө жете электе антибиотикалык терепияны баштоо керек.

Сабырбек Жумабеков жарандарга үйдөн дарыланууну токтотуп дарыгерлерге барууну сунуштады.

Эске сала кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 92 адам коронавирустан, 192 адам пневмониядан каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости