www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Кемин районунда унаа уурдаган адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, 4-сентябрда милицияга 25 жашагы Н.Б. аттуу жаран кайрылган. Анын айтымында, ошол күнү өзүнүн унаасын айдап Кеминге сапар тарткан. Кант шаарына жеткенде жолдон сапарлаш кылып кызды унаасына салып алган. Алар жолдо бара жатып сүйлөшүп, Кемин районунан таанышкандарын белгилөөнү чечишкен. Майрамдап отурган учурунда айдоочу уктап кетип, кыз чөнтөгүнөн унаанын ачкычын сууруп чыгып, унааны уурдап кеткен.

"Бир нече сааттан кийин шектүүнү Токмок шаарынын Жол кайгуул кызматынын инспекторлору кармашкан. Кармалган учурда 29 жаштагы Б.А. мас болчу. Ал Кемин РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат"- деп кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости