www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияга каршы эмдөө адамдын ооруларга карата иммунитеттин жогорулатып, илдеттин күчөп кетишин алдын алат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, сезондук гриппке каршы эмдөө үчүн вакцина өлкөгө алып келине баштады.

"Эмдөө тобокелчилик тобуна кирген адамдарга (эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги берген тизмеге ылайык) — өнөкөт оорусу барларга, кош бойлууларга, балдар үйүнүн тарбиялануучуларына, карылар үйүндөгүлөргө, мектеп-интернаттагы балдарга, медицина кызматкерлерине жана 65 жаштан жогорку курактагыларга ыктыярдуу түрдө акысыз жүргүзүлөт. Учурда вакциналар аймактарга жеткирилүүдө. Жарандар бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда эмделет", — деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости