www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кемпир-Абад боюнча жыйын учурунда депутаттар чырдаша кетти

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселени карап жатат. Анда депутат Адахан Мадумаров суу сактагыч боюнча кенен маалымат берип, өзүнүн суроолоруна тиешелүү жооп алууну суранды. Бирок, жыйын учурунда депутаттар арасында пикир-келишпестик келип чыкты.

Анда айрым депуттар Адахан Мадумаровго көп убакыт берилип жатканына нааразы болушту.

Рысбек Атажанов сөзүн бөлүп:

«Мадумаров эле кечке сүйлөй береби? Мурдагы жыйында Мадумаровдун айынан Чыңгыз Айдарбеков садага чабылганын, мындан кийин сиз да садага чабылып кетпеңиз», - деп комитеттин төрагасынан жыйынды калыс алып барууну талап кылды.

Бирок, ошол эле убакта эл өкүлү Шайлообек Атазов Мадумаровго жан тартып, анын Кемпир-Абад боюнча көбүрөөк маалыматы бар экенин айтып, суроолорун берип алуусун сунуштады.

Эске салсак, 10-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев эл депутаттарына жалпысынан Кыргызстанга 19 миң гектардан ашык жер, Өзбекстанга 4 миң 485 гектар Кемпир-Абад акваториясы калганын билдирди.

Кемпир-Абад суу сактагычы (Өзбекстанда Анжиян деп аталат) Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад облустары менен Өзбекстандын Анжиян областынын кошулган жеринде жайгашкан. Ал 1983-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында курулган.

1973-жылы Өзбекстан жердин компенсациясын берген – Кыргызстанга 4100 гектар жер берилген. Жазы, Куршаб, Кара-Дарыя суулары Кемпир-Абадга куят. Суу сактагыч Кыргызстанга тиешелүү. Анын аянты 4 миң 400 гектарды түзөт. Максималдуу толтуруу көлөмү 1,9 куб километрди түзөт. Кезинде Өзбекстанга ижарага берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости