www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтөр каралууда.

Шаардык соттон билдиришкендей, бүгүнкү соттук жыйындарда Атай Бейшенбек, Равшан Жээнбеков, Марат Баязов, Бектур Асанов жана Чыңгыз Капаровдун баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылды. Алар 20-февралга чейин камакта болот.

Эскерте кетсек, «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалгандардын ичинен 15тен ашык киши бир нече күндөн бери ачкачылык кармап жатышат. Алардын ичинен Перизат Суранова, Орозайым Нарматова жана Али Шабдандын ден соолугу начарлаганы айтылууда.

22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынып, кийинчерээк 20-февралга чейин камакта калтырылган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости