www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чаткал районунунда тоо кен байлыктарын казып иштетип чыгарууда уулу заттын чыгышы экологияга терс таасирин тийгизип жатат. Буга жашоочулар каршы экенин айтып, аталган райондун тургуну Исмаилов Темирбек Сапарбекович президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады.

"Урматтуу ардактуу Кыргыз Республикабыздын президенти, алты миллиондон ашык кыргыз өлкөбүздүн журт атасы Жээнбеков Сооронбай Шарипович!  Чындыкты жашырганыбыз чыныгы акмактык, ачык айтып чынчыл сүйлөйлү! Биз Чаткалдык ар бир жашоочу, ар бир атуул, Чаткалдык жалпы эл-журт  алдыдагы Чаткалдагы алтын фирмаларга, "хвостохранилищалар" курулуп, коомчулукка келечекте коркунуч жарата турган, уу зат эсептелген цианиддин  Чаткалда  иштелишине караманча каршыбыз.

Курандагы аты аталган  25  пайгамбардын бири  эсептелген, Ыдырыс пайгамбар жердеген жер, Чаткал деген улуу жерибиздин ,цианид кошулуп жаратылышынын келечекте бузулушуна , чаткалдагы жалпы эл- журт  караманча каршыбыз. Бул жер биздин жалпы чаткалдыктарыбыздын ата-бабабыздан калган жер. Биз эмне ата-бабабыздан калган жерди таштап кетебизби? Бул уулу зат эсептелген цианиддин айыбынан. Мамлекетибиздин тынчтыгы, бутундугу, осуп онгуусу ар-бирибизге аба суудай керек болгондой, чаткалыбыздын  келечек жашоосу чаткалдыктарыбызга аба суудай керек. Ушул биздин келечек муундарыбызга чейинки түйшөлткөнн, ойлонткон Чаткал жергебиздеги көйгөйлүү маселебизди, кыргыз элибиздин ажоосу катары, Чаткалдык жалпы эл-журт, ушул маселебиздин оң жакка чечип берүүңүздү Сизден суранып отунуп кетмекчибиз", - деп кайрылды Чаткалдын тургуну Исмаилов Темирбек Сапарбекович.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости