www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги белгилүү укук коргоочу, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун менен шайлоонун шарапаты менен орун алган айрым жагдайлар боюнча пикир алыштык.
-Турсунбек агай, шайлоонун шарапаты менен кыргыз саясатында түрдүү жагдайлар орун ала баштады. Даражалуу кызматтардын биринде турган Өмүрбек Суваналиев неге шайлоого оппозициялык партия менен аттанды?
-Кыргызстандагы белгилүү саясатчылардын, мамлекеттик ишмерлердин бири, Комиссар Катани деген атка ээ болгон Өмүрбек Суваналиев шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен чыга турган болуптур. Кызыгы, бийлик менен кызматташып туруп, жылкы теппей, жылан чакпай эле президент Жээнбековго айыгышкыс душманга айланган, кайда болсо да президентке асылып сүйлөгөн партияга барып кошулуп алганы таңгалдырып жатат. Депутат болуп калса го жакшы. Депутат болбой калса, кантип баштагы Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басарлык кызматына барат?
-Негизи мыйзам шайлоодон кийин баштагы кызматында иштөөгө жол береби?
-Мыйзам жол берет. Бирок, Өмүрбек Суваналиев оппозициялык партия менен шайлоого барып алып, баштагы иштеген кызматына барганга кантип абийири жол берет? Бирок, өзү журналисттерге «депутат болсом болуп калдым. Эгер шайлоодо өтпөй калсам, Коопсуздук Кеңешинин төрагасынын орун басары болуп, мурдагы эле кызматымда иштей берем» дептир. Моралдык жактан туура эмес кадам таштап алып, кантип мурдагы кызматында иштей берет?
-А балким, кызматта туруп, оппозициялык партия менен шайлоого баруу эрдиктир?
-Бийлик менен кызматташып туруп, оппозициялык партия менен шайлоого баруу эрдикке деле жатпайт. Тескерисинче, кызматка тырышкандыкка жатат.
-Мүмкүн жүрөгү оппозициялык партияга тартып жаткандыр?
-Мүмкүн ошондойдур. Бирок, азыркы кадамы чыккынчылыкка барабар иш болуп калды.
-Анткениңиз менен Өмүрбек Суваналиевдин бетке айтканын, өзү иштеп жаткан бийликке каршы пикир айталган тайманбастыгын баалагандар бар го?
-Өмүрбек Суваналиев көз караштарын ачык айткан, тартынбаган, сапаты бар. Ал бетке айткан лидерлердин катарын толуктайт. Ошон үчүн бийликтен кеткен учурлары болгон. Бийликте туруп, бийликке каршы чыккан мезгили болгон. Бирок, азыркысы аларга салыштырмалуу таптакыр башка нуктагы иш болуп жатат да. Ошон үчүн кантип иштейт деп жатам.
-Ал киши менен жакшы мамиледесизби?
-Жакшы мамиледе болчумун. Телефон чалып. Мен уюштурган иш чараларга чакырып турчумун. Бирок, эмнегедир бирине да келген жок. Баштагыдай чалбай алыстап кеттик. Негизи Комиссар Катани деген атка ээ болушуна менин жана укук коргоочулардын эмгеги бар. Аны өзү да китепке, гезиттерге баса белгилеп жазган. Ыраазычылыгын да билдирген. Мактоого татыган эрдиктери да болгон. Акаевдин бийлигине эч ким баш көтөрө албай жатканда, бийликке каршы чыккан кадамдарга барган. Атамбаевдин убагында президент тарабынан кадырына доо кеткен сөздөр айтылып, кызматы жок жүргөн. Сооронбай Жээнбеков президент болоор менен бакыйган Коопсуздук Кеңешинин төрагасынын орун басарлыгы кызматына даярдады. Эмнегедир Суваналиев ушунча убакыттан бери иштегени менен бул ишти аткарды, мындай демилге көтөрдү дегенди уга элекпиз. Жогорку кызматта иштеп, айлык алып жаткандан кийин ар бир адам өзүн көрсөтүшү керек эле. Тилекке каршы, баарыбыз суктанган, мактаган Суваналиев андай кадам жасай алган жок.
Булак: NazarNews.kg