www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 19-августта Бишкек шаарында “Замандаш” партиясынын курултайы болуп өттү. Анын жүрүшүндө партия атынан Жогорку Кеңешке депутаттыка талапкерлердин тизмеси ырасталып, жарыяланды.
Курултайга Кыргызстандын бардык аймактарынан келген делегаттар катышты. Партия лидери Жеңиш Молдокматов иш-чаранын бардык катышуучуларына ыраазычылыгын билдирип, “Замандаш” баарынан мурда Кыргызстандын ичиндеги жана сыртындагы мекендештерден турган элдик партия экенин белгилеп өттү.
Талапкерлердин тизмесинин сап башында Жеңиш Молдокматов турат. Алгачкы ондукка киргендер:
1. — Молдокматов Жеңиш ;
Конов Дмитрий;
— Турганбаев Мелис;
— Шейшекеева Чынара;
— Кадыралиев Умбеталы;
— Капаров Мырза;
— Абдыкалыков Нурлан;
— Мамашева Айсулуу;
— Амракулов Мавлян;
— Ташов Имамидин;
— Сатыбалдиев Элмурза.
Ошондой эле, курултайда партиянын жаңыланган программасы презентацияланды. Ал 7 багыттан турат:
— Эл жыргалчылыгын камсыздаган мамлекет;
— Инновациялык өлкө;
— Жашыл экономика;
— Коопсуз өлкө;
— Дүйнөлүк кызматташууда татыктуу орун;
— Эркиндик;
— Элдик бийлик.
Программада инновациялык чечимдерди мамлекеттик деңгээлде ишке ашырып, өнүктүрүү, мамлекеттик кызматтардын айкындуулугун жана эл менен эсептешүүсүн камсыздоо сунушталган. Себеби, мамлекеттин күчү анын элинде.
“Замандаш” саясий партиясы 2007-жылы Мухтар Өмүракунов тарабынан негизделген. “Замандаш” өзүн центристтик саясий партия катары позициялап келет. Атамекендик жеңил өнөржай тармагына кошкон салымы менен белгилүү. Учурда партия дүйнөнүн 52 мамлекетиндеги 90 диаспора менен иштешип, Кыргызстандын коомдук жашоосуна жигердүү катышып келет.
Булак: NazarNews.kg