www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 10-март күнү Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагына караштуу Беш-Терек жайлоосунда жайгашкан “Сай-Аска”  жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК) көмүр кен казуучу ишканасында славян улутундагы жарандар жабыркап, бирөө каза болду. Бул тууралуу  NazarNews.kgге Ош ОИИБинен Жеңиш Аширбаев билдирди.

Маалыматка караганда, “Сай-Аска” ЖЧК көмүр кен казуучу ишканасына тиешелүү карьериндеги шахтанын ичинде темирден жасалган тирегичтер топурак таштар менен кулап түшүп, ал жерде иштеп жаткан Украина мамлекетинин жарандары  1979-жылы туулган М. Е. жана  1976-жылы туулган Б. И. аттуу жарандарды басып калган. Натыйжада М.Е. окуя болгон жерде каза болгон, ал эми Б. И. бутунан жаракат алып Өзгөн аймактык ооруканасынын сынык-жарат бөлүмүнө жаткырылган.

“Сай-Аска” ЖЧК көмүр кен казуучу ишканасында Украина өлкөсүнүн 21 жараны иштеп жаткан. Алар чалгындоо иштерине адис катары чакырылган эле.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу тарабынын кароо жүргүзүлүп, схема түзүлүп, тийииштүү материалдар топтолгон, ал эми М.Е.нин жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Ош шаарынын мейитканасына жөнөтүлгөн.

Аталган “Сай-Аска” аталыштагы ЖЧК көмүр казуучу ишкана 2019-жылдын 29-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Ош облусу жана Ош шаарынын Юстиция башкармалыгы тарабынан каттоодон өткөн жана чалгындоо иштерин жүргүзүү Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынын № 4552 СЕ сандуу лицензия алган.

Азыркы учурда, аталган сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында, ыкчам иликтөө текшерүү иштери жүргүзүлүүдө

Булак: NazarNews.kg

Последние новости