www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10-мартта Ооганстандын президенти Ашраф Гани “Талибан” радикал кыймылынын туткунга алынган 5 миң мүчөсүн бошотуу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу "Борбор Азия жаңылыктар кызматы" билдирди.

Президенттин басма сөз катчысы Сиддик Сиддики “Твиттердеги” баракчасына Кабулдун Парван түрмөсүндөгү 1,5 талибди бошотуу 14-мартта башталарын жазды. Анын айтымында, күн сайын 100 адам эркиндикке чыгарылып турат.

Ооганстандагы жарашуу маселелери боюнча АКШнын атайын өкүлү
Залмай Халилзад жооп катары “Талибан” кыймылы миңге жакын туткундагы өкмөттүк күчтөрдүн жоокерлерин бошотууга макул болгонун билдирди.

Туткундарды бошотуу – АКШ менен “Талибандын” ортосунда 29-февралда кол коюлган макулдашуунун шарттарынын бири болгон. Документке ылайык, АКШ 14 айдын ичинде Ооганстандагы аскерлерин чыгарып кетиши керек. Жооп катары талибдер өз көзөмөлүндөгү аймактарда террорчуларды жашырбоо жана ооган өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү милдеттенмесин алган.

Ушу тапта Ооганстандын түрмөлөрүндө “Талибандын” 10 миң согушкери бар. Бирок талибдер алардын бардыгы кыймылдын жоочулары эмес экенин билдирип келишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости