www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазуучу Кеңешбек Айтикеев Алла Таала адам баласына эмне үчүн оор сыноолорду берет деген темада билдирүү жазып чыкты. 

Жазуучунун билдирүүсү төмөндө өзгөртүүсүз берилет: 

"Алла Таала адамдарга байлыкты сыноо үчүн берет, берилген акылды кандай пайдаланат, байлыгына манчыркап Кудайды унутуп, пенделерди теңсинбей тебелеп, тепсеп кетеби, жокпу? - деген ойдо ааламдан сынап карап турат. Анткени, Алла Таала пенделерин бийлик жана байлык, бак-дөөлөт берип сындан өткөрөт. Пендесине берилген боорукердик, мээримдүүлүк касиетин жетим-жесирлерге жардам берип, өзүнүн адамдык сапатын канчалык даражада акылы менен сактап көрсөтө алат же ач көздүккө берилип, тапкан байлыгынын кулу болуп, көзүн май басып, колунда жокторду көзүнө илбей тебелеп-тепсеп кетеби деген ойдо текшерип турат. Сезгичтиги, акылы аз адамдар бак-дөөлөт башка келгенде өткөн күнүн унутуп, келечегине акыл менен ой жүгүртүп, “Эр жигит кээде төө минет, кээде жөө жүрөт” деген акылман сөздү унутуп, бул дүйнөгө устун болуп, өмүр бою кемибей ушул байлык, дөөлөт менен өтө тургандай мамиле жасашат. Ач көздүккө алданып кайрымдуулук деген адамдык сапаттан, б.а. Алланын адамга берилген боорукердик менен мээримдүүлүктү колунан келгенде көрсөтүүчү касиеттен четтеп, өз байлыгынын үлүшүн бечараларга ыраа көрбөйт. Дөөлөттүү адамдардын мындай мамилеси Алла Таалага жакпайт. Дөөлөттүү адамдар да, убактылуу Алланын сыноосунда экендигин пенделер өз жашоосунда сезишпейт. Дөөлөттү - пенделерге боорукердик менен мээримдүүлүгүн текшерүү үчүн берсе, кайрымдуулукту талап кылган пенделерге да, жетишпегендикти убактылуу пенденин сабырдуулук менен чыдамдуулугун текшерүү үчүн берет. “ Ач кадырын ток билбейт”, “Ачуунун даамын сезбеген, таттуунун даамын сезбейт”, “Көкүрөк сокур болгон соң, көөдөнүн көрүп не кылсын” деген ааламдан пендесинин сезимине салынып, элге сиңип, акыл-насаат катары айтылып калганын далилдөө үчүн, сабак болуш үчүн Алла Таала пендесине барчылык менен жокчулук турмушту убактылуу тартуулайт. Колунда бар кезде кайрымдуулук касиетин (Алла берген ал акыл сыяктуу белек болот) колдонуп, боорукерлигин жүрөгүнөн көрсөтпөсө, Алла Таала андай адамдарга өздөрүнө сездирбей байлык менен дөөлөтүн акырындап алып (бир нерсени себеп кылып), жетишпеген жашоону башына салат, өткөн күнүн эстетип акылына келтирет, тескерисинче жетишпеген пенделерге бак-дөөлөт берип, өткөн күнүн эстээр бекен деп сыноого алат. Адам пендесинин жашоо-турмушу ар дайым Алланын сыноосунда. Жашоодо барчылык менен жокчулуктун, ачкөздүк менен сабырдуулуктун дайым кайтарымы болуп келет. Турмуштун өйдө-төмөнү, пендени Алланын тарбиялоо максатындагы сыноосу, Алланын пендесине койгон талабын, үмүтүн аткарбаганда кээ бир пенделерге өзүнүн кудуретин көрсөтүп, капалуу (акылына келүү) турмушту тартуулайт. Кайрымдуулукка көңүл бурган пенде – Алланын сүйгөн пендеси",-деп Кеңешбек Айтикеев жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости