www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, соцтармактын беттеринде Жогорку Кеңешке талапкерлердин бейнеси чагылдырылып, ичинде эч бир жаманы жок, баары кыздын баласындай таптаза, иштерман, мекенчил, билимдүү, кесипкөй экени чагылдырылыптыр. Ушул мезгилге чейин укмуш, элге кызмат кылышат деп жаман жакшы көрүнүп шайлап келдик, бирок депутаттар элдин үмүтүн акташа алган жок, бирок чимкирик деген наамга ээ болушту. Бул жолу элим эл өкүлдөрүн чимкирик аттан арылта турган чыныгы билимдүү, кесипкөй, мекенчил азаматтарды шайлабасак эртеңки күнү мамлекетибиздин баркына доо кетет. Бул тууралуу пикирин Кеңешбек Айтикеев өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу билдирди.

Ага кошумча, “бул сапар акчага алданбай, ага тууган, жоро жолдош, дос тамыр дебей чыныгы эл үчүн иштеп бере турган билимдүү, эрктүү, мекенчил азаматтарды шайлайлы. Бийликтен дайым талап кылып келебиз “люстрация жаса” деп, мына ошол бийликтеги люстрацияны өзүбүз жасай турган убакыт келди. Келгиле баарыбыз жалпы аракет жасап, Жогорку Кеңешке таза, билимдүү, мекенчил, кесипкөй азаматтарды шайлап алалы! Эртеңки келечекти тандоо өзүбүздүн колубузда турат, бир келген мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайлы мекендештер! – дейт Кеңешбек Айтикеев.

Эске сала кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке шайлоого бир мандаттуу округдан талапкер болгон 321 кишини каттады. Бул тууралуу комиссиянын маалымат кызматы кабарлады.

Тизме төмөнкүдөй: Чүй облусу — 63 талапкер;

Ош облусу — 59 талапкер;

Жалал-Абад облусу — 50 талапкер;

Ысык-Көл облусу — 41 талапкер;

Баткен облусу — 37 талапкер;

Нарын облусу — 29 талапкер;

Бишкек шаары — 27 талапкер;

Талас облусу — 15 талапкер. Шайлоого аттангандардын толук тизмеси менен БШКнын сайтынан таанышууга болот. Парламенттик шайлоо ушул жылдын 28-ноябрына белгиленген. Жогорку Кеңеш партия тизмеси менен шайланган 54 жана бир мандаттуу округдан келген 36 депутаттан турмакчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости