www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2021-жылдын 29-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаев Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шадурды Мередовду кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Маалымат Департаменти билдирди.
Министр Р.Казакбаев Ш.Мередовду дипломатиялык корпустун дуайен функциясын аткарып башташы менен куттуктап, Министрлик Бишкектеги чет мамлекеттердин дипломатиялык мекемелеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери менен натыйжалуу диалогду колдоо үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенине ишендирди.
Р.Казакбаев 2021-жылдын 5-ноябрына белгиленген Европа Биримдиги – Борбордук Азия Биринчи экономикалык форумуна даярдыктар жана форумдун алкагында уюштурулган кошумча иш-чаралар тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-түркмөн эки тараптуу кызматташтыгынын абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашты. Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы саясий-дипломатиялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө стратегиялык өнөктөштүктү жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгү белгиленди.
Мындан тышкары, тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык, транспорт тармагында жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда, анын ичинде соода, инвестиция жана энергетика ресурстар менен камсыздоодо кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулашты. Бул контекстте Кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча комиссиясынын кезектеги жыйынын жакынкы аралыкта өткөрүү зарылдыгы белгиленди.