www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кеңешбек Айтикеев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына чыныгы адамча жашоо качан бшталаарын жазып чыкты.

"Ар бир коом үчүн атайын коомго ылайык аң сезимдеги адамдарды жашатат. Ошол жашаган коомуна ылайык каада-салтты киргизет.

Коомдо, ар бир өлкөдө өзүнө ылайык жетекчи адамдарды жаратып, насибин кошуп, башкаруучу орунга алып келет. Чөйрөгө жараша жетекчинин аң сезимине карата жашоо турмуш болот, өсөт, өнүгөт.

Коом өзгөргөндө адамдын аң сезими да өзгөрөт. Бирок баары Кудайдын көзөмөлүндө болуп өтөт. Коомдун өнүгүү программасы Кудай тарабынан түзүлүп, Ааламдан жер пенделеринин аң сезимине сигнал аркылуу берилип, Кудай тандаган пендесинин мээсине берилип, ал ошол Кудай берген программаны өзү жашаган коомдо ишке ашырып, ошол доордо жашаган адамдардын аң сезимине таасир берип, Кудай берген программаны ишке ашырат.

Ар бир коомду башкарып, элдин аң сезимин өстүрүүчү адам Кудай тарабынан жан салып жаратылат. Ошол адам гана Кудайдын кудуретин, өзүнө берген касиетин сезип сезбей өзүнүн Кудай берген багыты боюнча жашоо-турмуш өткөрөт. Кээ бир доор – кан төгүү доору, дагы бир доор – бузулганды тургузуп, элдин жашоо турмушун жакшыртуу доору.

Доор алмашкан сайын адамдын аң сезими өсүп-өнүгүп олтурат. Кезек менен келген доорду адамдар сөзсүз басып өтүшү керек. Эгер кандайдыр бир доорду, б.а. коомду аттап өтсө, адамдардын аң сезиминде ошол доорду басып өтпөгөн кемчилиги өз жашоосунда байкалып турат жана адамдын кемчилиги катары сезилип турат.

Азыркы доор – аң сезим өскөн доор. Кээ бир адамдардын аң сезими өзгөчө жогорулап, аалам менен байланышууга жөндөмдүү болот, бирок Кудайдын буйруган пендеси гана ишке ашырат. Бул жаңы доордун башталышы акырындап байланышуучулар көбөйүп, алынган илим элге сиңип, жашоо эрежесине айланат. Жаңы эрежесиз жашоого мүмкүн эмес экендигин элдер түшүнүп кабыл алышат. Бирок бул Кудайдын кудурети менен болуп жаткандыгын элдер сезип сезбей жашай беришет.

Жаңы эреже кабыл алынып, көнүмүш адатка айланганда элдин ички дүйнөсү арууланып, тазаланып, баары тегиз ынтымакта жашоо доору башталат.

Жүрөк тазарып, дил агарганда кара өзгөйлүк, карама-каршылыктар жоюлат. Адамдар жакшы ойлорду гана ойлошот, кара ой деген сезиминде жок болот. Ошондой доор келгенде жашоонун жаңы программасы ишке ашат. Чыныгы адамча жашоо башталат. Кудайдын адамдарга болгон жакшы үмүтү ишке ашат. Кудай адамдарга мээримин төгүп, чыныгы өзүнүн баласы катары мамиле жасайт", - деп Айтикеев жазды.

Булак: NazarNews.org

Последние новости