www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ -  Ошто ак калпак кийген прокурор жазаланды

Маалыматка караганда, 9-май күнү Ош шаарындагы Жеңиш майрамына арналган митинг-реквиемде Ош шаарынын прокурору Кубат Абдраимов прокуратура кызматынын баш кийимин эмес, калпак кийип алган. Мындан улам Башкы прокуратура Кубат Абдраимовго сөгүш берген.

Кубат Абдраимов өзү бул маалымат тууралуу кабары жоктугун айтып: «Байкабай калыптырмын. Ошол күнү суук болуп жатпады беле. Сыртымдан калың кийинип алгам. Барсам, салтанат башталып кетиптир. Ошол бойдон иш-чарага катышкам», - деди ал.

Прокурордун сүрөтү интернет желесине тарагандан кийин колдонуучулардын арасында талкуу жараткан. Айрымдары туура эле, башкалары кызматтык этика сакталышы керек деген ой-пикирлери менен бөлүшкөн.

Абдраимов Кубат Бейшенбекович, советник юстиции 1 класса
Булак: NazarNews.org

Последние новости