www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Падышанын тагынын негизи эмне? Бул тууралуу жазуучу Кеңешбек Айтикеев айтып берди.
--Падышанын тагын кармап турган негиз – Адилеттик жана Чындык. Ушул эки нерсени кармап турган так көпкө сакталат. Элди ушул эки нерсе менен тарбиялап башкарса, келечек коомдогу урпактарга үлгү болот, элдин бактысы жана келечекке кам көргөндүн белгиси болот. Бул эки сөз тактын жарыгы, үнү. Ал эми үнүн угуп жарыгын көргөн эл бактылуу. Ал эми падышанын боорукерлиги менен мээрими элди ынтымакка чакырып бириктирип турат. Ал эми Кудайга болгон ишеними (падышанын) элди түбөлүккө бириктирип турат. Адилеттик менен Чындык - Ажонун күчү, атагы, даңкы жана баркы. Ажонун ак ниети – тактын көркү, коомдун өнүгүү күчү, дейт Кеңешбек Айтикеев.
Булак: NazarNews.org