Кеңешбек Дүйшөбаев: “Арпачиевдин бошошу президенттин коррупция менен күрөшүүдөгү саясатына чоң сокку болду”
Аналитикасы  |   |  15272

NazarNews маалымат агенттиги генерал, коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев менен саясаттагы айрым жагдайлар боюнча баарлашып маек алдык.   

--Кеңешбек мырза, 100 миң доллар пара алып, камакка алынган Арпачиев эркиндикке чыгышы президенттин коррупция менен күрөшүн жокко чыгарып койгон жокпу?

--Бул факт Президент Сооронбай Жээнбековдун коррупция менен күрөшүүдөгү саясатына чоң сокку болду. Менин оюмча атайы комиссия түзүлүп, иштин мыйзамдуулугу, анын артында кимдер турганы толук текшерилиши керек.

--Коррупция менен иш козголгондор шайлоого барбашы керек деген Тазабек Икрамовдун демилгесин колдоого алсак болобу?

--Негизи оор кылмыш менен соттолгондор, шектүү катары тергелип жаткандар шайлоо процесстеринен четтетилиши керек деген позицияны  мен да колдойм. Бирок Атамбаевдин убагындагыдай  ак жерден, коррупционер деп соттолуп кеткен Ө.Текебаев, К.Исаевдер сыяктуу окуялар болбош үчүн мыйзамдуу механизмдер иштелип чыгышы керек.                            

--Баса, коомчулукта “президентти ишин эптей албаган кадрлары жаман көрсөтүп жатат” деген сөздөр көбүрөөк айтыла баштады. Президент чын эле кадр тандоодон аксап жатабы?

--С.Жээнбековдун КР Президенти болуп ишке киришкенине туура 2,5 жыл болду. Күзүндө мөөнөтүнүн жарымы бүтөт. Бүгүнкү күнгө карата Президенттин эң "слабое звеносу" кадр тандоо, алардын жоопкерчилигин суроо экени кашкайып көрүнүп калды. Эмне үчүн компетентсиз, чечкинсиз, жоопкерчиликтен качкан чала сабат жетекчилер жылдап креслону мыкчып отурат,-мен үчүн такыр түшүнүксүз. Алардын кетирген каталары, ишиндеги оркойгон кемчиликтердин баардыгы Президенттин мойнуна оор жүк болуп илинип жатканы коомчулук үчүн жашыруун сыр эмес. Коронавирус менен күрөшүү айдан ачык көргөздү-түзүлгөн оор шарттарда Өкмөт, граждандык коргоо системасы керек деңгээлде иштебей, баары Президенттик "ручное управлениеге" өткөнүн эл көрүп да, жон териси менен сезип да жатат. Коронавирусту жеңсе болот, жеңебиз. Бирок кептин баары анын артынан келе жаткан оор экономикалык, социалдык кризисте. Алар барып саясий кризиске такап, бийликке болгон ишенимди кыйратып, мамлекетти оор кырдаалга кептеп коюшу ыктымал. 

--Кыргызстан ЕАЭС  менен мамилесин тактап ала турган учурга жеттикпи? Аларга позициябызды билдирип, талабыбызды койгонго дараметибиз жетеби?

--Учурунда Кыргызстан ЕАЭСке кирип жатканда өзүнүн кызыкчылыктарын, оң-терс жактарын толук санабай кирип алганы бүгүнкү оор шарттарда даана көрүндү. Бирок азыр артка кетүү андан да оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Өкмөт, ЕАЭСте бизден өкүл болуп отурган адамдар Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоодо чечкиндүү, принципиалдуу позицияда туруп, компетентүү иш аракеттерди жасашы керек. Бирок алардын деңгээли казак туугандардай болуп ачык айтып, негиздүү күрөшкөнгө жетпей, дарманы күчтүү өнөктөштөрүбүздүн айткандарына баш ийкеп отургандай эле элес калтырат.

--Айрым эксперттер бүгүн эгемендикти же ЕАЭСти тандаш керек деген ойлорун айта  башташты.  Алардын көтөргөн маселеси орундуубу?

--Эгер биз өнүккоө, күчтүү мамлекет болгубуз келсе кубаттуу мамлекеттер менен достошуп, алар менен чогуу уюмдашып, жалпы кызыкчылыкка кошуп өзүбүздүн өнүгүшүбүздү камсыз кылышыбыз керек. Жалгыз эч нерсе кыла албайбыз. Ал тургай Кытай, АКШ, Европа мамлекеттери менен да өнөктөштүктүн негизинде кызыкчылыктарын коргоп, экономикасын өстүрүп жатышат. Кептин баары өзүбүздө, - ЕАЭСке кирип алып жетеленме болбош керек.

Эске сала кетсек, 2015-жылы Кылычбек Арпачиев жеке ишкердин ишин жабуу үчүн андан 100 миң доллар пара талап кылып, алып жаткан жеринен кабинетинен кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями