www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Балтада өгөй ата кызын сабап, көчөгө чыгарып койгон. Бул тууралуу аталыштагы видео бүгүн, 23-майда социалдык тармактарда, интернет желелеринде тарады. 

Видеотасмадагы кыздын айтымында, аны өгөй атасы ооз ачаар убакта, тактап айтканда, кечки саат 8-9дарда уруп, көчөгө чыгарып салган.

Тасмада кыздын: "Өгөй атам баары бир мени өлтүрөм деп жатат. Ал урганда апам болушкан жок", - дегенин угууга болот. Ал эми аны байкап калган жигиттердин "Бишкекте туугандарың болсо жеткирип коёлу" деген сунушунан кыз баш тартып, кетип калган. 

Аталган окуя боюнча расмий маалымат бериле элек.

Булак: NazarNews.org

Последние новости