www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев менен ача пикир жаратып жаткан айрым маселелер боюнча ой бөлүштүк.
- Кеңешбек мырза, эпидемиялык шарт эске алынып, шайлоого байкот жарыялаш керек деген пикирлер да бар. Бирок президент Биринчи радиого берген маегинде шайлоо өз мөөнөтүндө өтөөрүн баса белгиледи. Өлүм, житим болуп атса деле шайлоо өз убагында өтө бериши керекпи?
- Шайлоо убагында өтүшү керек. Антпесе, Баш мыйзам бузулуп, мыйзам чыгаруу гана эмес, аткаруу бийлик бутагы укуктук талаадан чыгып калат. Бул мамлекеттүүлүктүн талкаланышына алып бара турган жол. Ошондуктан президент С. Жээнбеков туура чечим кабыл алды. Албетте, азыркы түзүлүп жаткан оор эпидемиялык, социалдык, экономикалык кырдаалдар коомдук-саясий абалга таасирин тийгизип, коомдо нааразычылык жаратып жаткан маселелерди ого бетер курчутуп, шайлоонун аба ырайын бир топ татаалдантат. Бирок кандай шарт түзүлбөсүн, баарын мыйзам нугунда алып барган туура болот.
- 40тан ашык партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, БШКга арыз таштады. Бирок, реалдуу атаандаштык кайсыл партиялардын арасында болот?
- Негизги күрөш калыптанып, азыр парламентте өкүлчүлүктөрү бар партиялар менен каражаттары мол, башкаруу-уюштуруучулук ресурсу бар "Биримдик", "Мекеним Кыргызстанга" окшогон партиялардын ортосунда болот. Менин оюмча, парламентке 5-6 партиядан ашык өтпөйт.
- Шайлоо таза өтүшү үчүн БШК калыс, адилеттүү иш алып барганы жетиштүү болобу же партиялар добуш сатып албашы керекпи?
- Шайлоо таза өтүш үчүн БШК, катышкан партиялар,бийликтин бардык бутактары, мамлекеттик органдар, коом, эл мыйзамдын чегинде аракет кылып, жоопкерчилигибизге жараша тагдырыбыз өз колубузда экенин түшүнүшүбүз керек. Бирок биздин жаңы тарыхыбыз, эгемендүүлүк алгандан берки өзгөрүлгөн улуттук менталитет, кулк-мүнөзүбүз бул нерсе биз үчүн аткарууга абдан кыйын шарт экенин айгинелейт.
- Азыркы оор абалда элге жардам берген партиялардын эмгеги шайлоодо эске алынабы?
- Албетте, коом, эл колунан конкреттүү иш келген партияларга добуш берет.
- Илдет менен күрөшүүгө аскердик тартип керек. Аскердик эреже менен гана жеңбесек, илдетти токтотуш кыйын дегендер бар. Буга эмне дейсиз?
- Пандемия менен күрөшүү, өзгөчө абал, кырдаал учурунда эле эмес, күнүмдүк тынч жашоо мезгилинде да элементардуу тартип, дисциплина, мыйзамды сактоо, аткаруу керек. Бийликте отурган ар бир аткаминер өзүнүн жетекчисине эптеп жагынып, креслосун мыкчып отурбастан,эл алдында жооп берээрин билиши керек. Бул жагынан биздин оркойгон кемчиликтерибиз бар экенин моюнга алышыбыз керек. Азыркы бийликтин түзүлүш принциптерин орду түбү менен өзгөртмөйүнчө, коргонубуз баягы эле Мамайдын көрү болот.
- Республикалык штабды вице-премьер эмес, премьер-министр башкарышы керек дешет айрым аналитиктер. Премьер-министр башкарса эле жагдай жакшырып кетеби?
- Бардыгын, факт түрүндө, өкмөт башчы чечип жатканын көрүп жатпайбызбы? Бул туура эле, анткени Республикалык штаб январь айында түзүлгөндөн бери аны Боронов башкарып келбедиби. Бүгүнкү күндө пандемия менен күрөшүүнүн бардык маселелерин андан жакшы билген адам жок десек туура болот. Жыйынтыгына келгенде, маселелердин чечилишинин күңгөйү да тескейи да барып премьер-министрге такалат.
Булак: NazarNews.kg