www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Химия боюнча эл аралык олимпиада да 3 кыргызстандык окуучу медалдарга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эл аралык Менделеев олимпиадасы быйыл Венгриянын Будапешт шаарында өткөрүлмөк. Пандемияга байланыштуу олимпиада онлайн форматта өткөрүлүп, ага 20дан ашык өлкөнүн мектеп окуучулары катышкан.

Кыргызстандан да 4 окуучу катышып, Каракол шаарындагы Х. Карасаев атындагы Ысык-Кѳл лицейинин окуучулары медалдарга ээ болушкан.
1. 10-класстын окуучусу Соодонбеков Нурсултан – 2-орун, күмүш.
2. Кубанычбек Камиль – 3-орун, коло.
3. Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу Мамбетов Камил коло медалына ээ болгон.

Маалымат үчүн: Эл аралык Менделеев олимпиадасы – химия предмети боюнча жылына өтүлүп, КМШ, Балтика, Түштүк Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн мектеп окуучулары катышышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости