www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана парламенттин депутаты, 6-июль күнү пневмониядын каза болгон маркум Чыныбай Турсунбековдун "Чындыкка" деген ырын окурмандарыбызга сунуштайбыз. 

Чымылдап чуркап жүргөн аз,
Чырылдап сага күйгөн аз.
Коркушкан менен бардыгы,
Оо, чындык, сени сүйгөн аз.

Карманып алып бетине,
Бөлүнө калып экиге,
Кагышкан элде - сени эмес,
Издешет пайда өзүнө.

Миң түрдүү жалган чубуруп,
Чындыкпыз дешип кубулуп,
Келишет сенден жүз эсе
Жүрөккө жакын туюлуп.

Оо, чындык, кандай ачуусуң,
Өзгө да жаттай катуусуң.
Жалтанып турат арстандар
Булөгөн айга азуусун.

Жаралуу жапан дүйнөдө
Сен жалгыз, жалган миң беле!!!
Жашайсың эркин учалбай,
Жаткансып чыкпас түрмөдө.

Чымылдап чуркап жүргөн аз,
Чыркырап сага күйгөн аз.
Коркушкан менен бардыгы,
Оо, чындык, сени сүйгөн аз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости