www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын дайындады.

Өлкө башчынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан президенттин атына Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 10 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген материалдарды эске алуу менен президент судьялык кызматка 9 талапкер боюнча кеңештин сунуштарына макулдук берип, 1 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка бул талапкер боюнча материалдарды кеңешке кайтарды.

Жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына 9 талапкер боюнча президенттин жарлыктары чыккан. Биринчи жарлык менен тандалып алынган 9 талапкер белгиленген мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялык кызматына дайындалды. Экинчи жарлык менен дайындалган судьялар Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна судьялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн жиберилди.

Жаңы дайындалган судьялар:

— Боромбаев Абдуразак Эсентаевич;
— Жаныбек кызы Венера;
— Исаева Кундус Кедейкановна;
— Каипов Эмилбек Өскөнбаевич;
— Калыбаев Алмаз Жээнкулович;
— Сатарова Айнура Мелисовна;
— Сыдыков Марат Райымбекович;
— Термечиков Мирлан Арстанбекович;
— Уметова Айгүл Таштанбековна.

Бул жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости