www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги генерал Кеңешбек Дүйшөбаев менен БШКнын жаңы киргизген жоболору тууралуу баарлаштык.

--Кеңешбек мырза, Атамбаевдин саламаттыгы начарлап, ооруканага которулганы айрымдар аны дарыланат деген шылтоо менен бошоп кетет деп жатышат. Ошондой нерсеге жол берилиши мүмкүнбү?

--Атамбаевдин укуктук статусу азыр такыр башка. Ошондуктан эч кайда кетпейт, жиберишпейт да. Эми, эң укмуш вариант катары ушундай болуп калыптыр деп көрсөк, анда ал нерсе азыркы бийликтин аброюна эбегейсиз, орду толгус зыян алып келет. Атамбаевди чыгарып жиберишсе, элдин бийликке болгон  ишеними такыр кетет.  

--Абал оорлошуп баштаганда депутаттардын эс алууга кеткени туура эле болдубу?

--Жогорку Кеңеш өз регламентине толуктоо киргизип, ишин улантуусу керек эле. Күндөн күнгө абал оорлошуп, татаалдашып, контролдон чыгып баратканын Өкмөттөн башкасынын баары көрүп эле жатышат. Ушундай мезгилде кризиске каршы иш пландар бекитилип, тиешелүү мыйзамдарга толуктоо, кошумчалар киргизилип, элдин ал-ахыбалын жеңилдетүү боюнча формалдуу эмес кадамдар жасалышы керек эле. Бүгүнкү күндө Өкмөт менен Жогорку Кеңеш бир, эл башка планетада жашап жаткандай болуп жатабыз. 

--Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону каржылоонун ачыктыгын камсыздоочу жоболорду бекитти. Бул  аракет добуштарды сатып алууну ооздуктай алабы?

--Бизде жакшы мыйзамдар көп, шайлоонун алдында жаңы жоболор дагы бекитилип жатат. Биздин көйгөйүбүз мыйзамдын жетишсиздигинде эмес, аны так, толук  аткарууда.

--БШКнын шайлоодо партиялардын эсебин көзөмөлдөөнү күчөтүүгө багытталган жоболору  элдин добушун сатып алууга тоскоолдук жарата алабы?

--Тилекке каршы эмне жоболор кабыл алынып, чара көрүлбөсүн, келе жаткан шайлоодо добуш сатып алуу болот. Эгемендүүлүк алганыбыздан бери бул нерсе каныбызга терең сиңип калды. Экономикалык оор шарттарда көп адамдар жанын, үй бүлөсүн багуу үчүн бардык кадамдарга  барат.   Ошондуктан, азыр шайлоого катышууга ниеттенген көп партиялар программасын эмес, каражаттарын даярдап жатышат. 

--Пандемия шайлоонун мөөнөтүн өзгөртүп коюшу мүмкүнбү?

--Шайлоонун мөөнөтүнүн өзгөрүшү сентябрь айында түзүлгөн кырдаалга жараша болот. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости