www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бразилияда кызганычтан улам ит жаңы төрөлгөн эгиздерди өлтүрүп салды. Энеси балдарды таштап, кошунасы менен сүйлөшүү үчүн эшикке чыгып кеткенде, жаныбар балдарга кол салган. Бул тууралуу The Sun басылмасы полициянын билдирүүсүнө таянып жазып чыкты.

Кыздар төрөлгөнүнө 26 күн болгон. Лабрадор жана Американын Фокхунд аралаш тукумундагы ит 5 жылдан бери үй-бүлөсү менен жашайт жана ар дайым токтоо жана назик мамиле кылат. Үйдө наристелер пайда болгондо жаныбардын жүрүм-туруму өзгөрдү. Иттин ээлери ага азыраак көңүл бура башташкандыктан, аларды кызгана баштаган.

Кырсык 23-июнда болгон. Эгиздердин энеси, 29 жаштагы Хелен Новаес, кошуналары менен сүйлөшүү үчүн балдарын таштап кеткен, ошол кезде ал балдардын ыйлаганын укту. Үйгө кирип итти сүйрөп кетүүгө аракет кылган, бирок ал буга чейин балдарга оор жаракат келтиргенге жетишкен. Дарыгерлердин айтымында, кыздардын бири алган жаракатынан ошол замат көз жумган, экинчисин сактап кала алышкан эмес. Үй-бүлөдө дагы бир ит жашайт, бирок ал балдарга кол салган эмес.

Азыр ымыркайлардын энеси шок абалда ооруканада жатат. Полиция балдардын өлүмү боюнча тергөө ишин баштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости