www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Азык-түлүк кескин кымбаттап кетти, алтургай өзүбүздөн чыккан эт, сүт азыктардын баасы көтөрүлүүдө...
- Азык-түлүктүн баасына күйүүчү-майлоочу майлардын наркынын өсүшү дагы таасир берип жатат, бир жылдын ичинде май эки эсе кымбаттады. Эт, сүт азыктары дагы кымбаттап жатат, себеби мал багуу көп чыгымды талап кылып калды.
Чөптүн таңгагы 300 сомго чыкты. Бир жыл мурун жем 10 сомдун тегереги болсо, жыл башында 25 сомго чейин чыгып, эми араң 20 сомго түштү. Ошондо мал багуунун наркы эки эсе көтөрүлдү. Ал эми сырттан келген продукциялардын дүйнө жүзүндө баасы жогору болуп жатат.
Анткени жер көбөйгөн жок, элдин саны өсүүдө. Азыр планетада жашаган эл 7 миллиардга жетип калды. Быйыл суу маселелси да көйгөй жаратты.
Чүй облусун ала турган болсок, күн ысык болуп, суу жетпей калгандыктан ондогон-жүздөгөн гектардагы эгиндер комбайнга илинбей калып, канчалаган чарбалар банкротко кептелди?! Алардын абалы кандай болот?
Тонналаган эгиндер алынбай калса, ошончо түшүм кемийт. Буудай талаалары күйүп кетсе, ун, нан маселесин жаратат. Ушунун баардыгы тамак-аштын кымбаттап жатканына түз же кыйыр себепкер.
- Мамлекет көзөмөлдөй албайбы?
- Мамлекеттин өзү чыгарган продукциясы болбогондон кийин бааны көзөмөлдөө кыйын. Биз узак убакыттар бою «базар экономикасы» деп жүрүп, баардык нерсе жеке менчикке өтүп кеткен. Менимче, мамлекет бааны түшүрө албайт.
Аны көзөмөлгө алуу үчүн башка жактан азык-түлүктү алып келип, рынокто атаандаштык жаратып, базарда саттыра башташы керек. Бүгүнкү күндө бизде андай тутум жок. Кээ бир продукциялар боюнча өзгөчө кырдаал жаралып калса, албетте, мамлекеттин резерви бар.
Бирок, ал жерде менин билишимче, азык-түлүктүн 4-5 эле түрү бар. Монополияга каршы агенттик ири ташып келүүчүлөр менен бааларды жасалма көтөрбөө боюнча сүйлөшүү жүргүзүшү керек. Анткени алар базарды ээлеп алып, каалаган бааларды коюп сата берген учурлар арбын.
Маселен, азыр күйүүчү майлар кымбаттады, Россиядан ушундай баада келип жатат. Бирок, жакын турган кошуна Казакстанда бизге салыштырмалуу 20 сомго арзан.
ЕАЭБге киргенден кийин эмнеге төмөн баада казактардан сатып ала албайбыз? Көрдүңүзбү, ири ташып келүүчүлөр Казакстандан албай, бир гана Россиядан алып келишет. Бул дагы бир өзүнчө схема болушу мүмкүн
- Жаратылыштагы өзгөрүүлөрдөн жапа чеккен дыйкан, фермерлерге өкмөт кандай колдоо көрсөтүш керек?
- Өнүккөн өлкөлөрдүн баардыгында субсидия маселеси каралат. Маселен, бизде акыркы жылдары «көп пайда алып келбейт» деп эч ким эгин тикпей калды. Ошол себептен буудай, ун кымбаттоодо.
Кошуна мамлекеттен алып жүрөбүз, бирок бир эле жолу катуу кургакчылык болуп, алар «буудайды эч жакка чыгарбайбыз» деп койсо, биз өтө кыйналып калабыз. Мындан улам, өнүккөн өлкөлөрдөй болуп буудай өндүрүүчүлөргө жеңилдиктерди иштеп чыгышыбыз керек. «Ким буудай эксе, өстүргөн ар бир тоннаңа мынча сом субсидия кошуп беребиз» деген.
Ал буудай өндүргөнү үчүн эле ушундай камкордуктар каралышы маанилүү. Өсүмдүк майын толук импорттойбуз. Демек, ушул азыкты берүүчү өсүмдүктөрдү тиккендер бутуна турганча субсидия түрүндө жардам кылыш керек.
Эч ким өсүмдүк май берүүчү продукция тикпей калган. Дыйкандарды ушундай жолдор менен кызыктырып, импорттон көз карандылыкты азайтууга болот. Өкмөт, айыл чарба министрлиги каражат таап, тез арада ушуну колго алышы шарт.
Ошондуктан азык-түлүк мындан ары арзандабайт деп ойлойм. Азыртадан келерки жылдын камын көрүп башташыбыз керек, ал үчүн эрте жазда дыйкандар кайсы өсүмдүктөрдү айдаш керектигин айыл чарба министрлиги окумуштуулар менен бирге аныктап, багыт көрсөтүүсү абзел.
Булак: Азия News гезити