www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Инвестиция министри катары Ысык-Көлдө бары бүтүп калгансып «Асман» шаарын салам деп жулунуп жаткан Алманбет мырза «Манастан Чубак кем бекен» деген лакапты «Манастан Алмамбет кем бекен?» деп буруп, бийликтеги экинин бирине айланып жаткан.

Анткени, ал Батыштын идеологиясы менен Кыргызстанды дайыма кым-куут кылып келе жаткан Өмүрбек Чиркешович менен тил табыша албай, партиясынан да чыгып министрликти орунду алган. Министрден бошоп парламенттик шайлоого аттанганынын себеби, парламенттик шайлоодо жеңиш менен келип спикерлик орунду көздөп жаткандай.

Зонада бир керебетте жатышкандар сүйрөп жүргөн Талант Мамытовдун деле иши бүтсө керек.Шыкмамтов «Ынтымак» партиясына баш кошуп ат салыша турганына карагнда, бул партия күчтөнүп жатса керек.

Спикерлерлди эске сала кетели. Бөрүбаев Алтай спикер болгондо да аракты ар кимден кайыр сурап ичкен алкаш. Өмүрбек Текебаев ким президент болсо жүрөгүнүнүн үшүн алып келген өлбөс Кащей! Зайнидин Курмановдун болуш чоң атасы кыргыздын Үркүндө баш көтөрүп эл менен бирге болгон болуштарын орус императорунун колуна салып берген чыккынчы. Дастан Жумабеков Франкфурт менен Фартуктун айырмасын билбеген сабатсыз. Айтып отурса арман көп, кайсы спикер кыйратып жиберди эгемендик алгандан берки тизмени карап баа берип көрөлү:

1. Масалиев Апсамат (1990-91),

2. Шеримкулов Медеткан (1991-92),

3.Чолпонбаев Мукар Шалтакович (1992-97),

4.Myкамбаев Усуп (1997-2000)

5.Матубраимов Алмамбет (1997-1998),

6.Эркебаев Абдыганы (1998-2005),

7.Бөрүбаев Алтай Асылканович (2000-2005),

8.Текебаев Өмүрбек Чиркешович (2005-2006),

9.Султанов Марат Абдыразакович (2006-2007),

10.Мадумаров Адахан Кимсанбаевич (2007),

11.Тагаев Айтибай (2008-2009),

12.Курманов Зайнидин (2009 -2010)

13.Келдибеков Акматбек (2010-2011)

14.Жээнбеков Асылбек (2011-2016)

15.Турсунбеков Чыныбай Акунович (2016-2017)

16.Жумабеков Дастан Артисбекович (2017-2020)

17.Мыктыбек Абдылдаев (2020),

18.Мирлан Бакиров (2020),

19.Канат Исаев (2020),

20.Талант Мамытов (2020 )

21.Алмамбет Шыкмаматов «очко» тамгасы менен спикер болобу?

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости