www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте журналист, мурдагы аткаминер Бабырбек Жээнбековду эскерүү иш-чарасы өтүп жатат. Ал көзү тирүү болгондо 70 жашка чыкмак. Маркумдун жакындары, кесиптештери, укук коргоочулар, коомдук ишмерлер, журналисттер катышкан эскерүүдө Бабырбек Жээнбеков атындагы фонд түзүлөрү айтылды.

Фонд укуктук жактан артыкчылык көргөзгөн журналисттерге анын атындагы сыйлыкты жыл сайын тапшырып турат. Мындан сырткары өзү туулуп өскөн Талас облусунун Манас районунун Арал айылындагы бир көчөгө Бабырбек Жээнбековдун атын берүү сунушу демилгеленди. Андай кайрылуу тийиштүү мекемелерге жөнөтүлгөн.

Бабырбек Жээнбеков 2019-жылы, 22-мартта 68 жашында узакка созулган оорудан каза болгон.

Жээнбеков эмгек жолун 1967-1968-жылдары Талас облусунун Киров районундагы мектептен баштаган. Ал "Алиби" жана башка бир нече гезиттерди негиздеген. 2013-жылы кыргыз өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жана атаандаштыкты тескөө боюнча агенттикти жеттектеген

Булак: NazarNews.kg

Последние новости