www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкекте журналист, мурдагы аткаминер Бабырбек Жээнбековду эскерүү иш-чарасы өтүп жатат. Ал көзү тирүү болгондо 70 жашка чыкмак.

Ал эми уулу Равшанбек Жээнбеков атасынын эскерүү аземине келген конокторго терең ыраазычылык билдирди:

Урматтуу журналисттер, атамдын кесиптештери!

Баарынар чогулуп атам Бабырбек Жээнбековту эскерип атканыңарга терең ыраазычылыгымды билдирем.

Өлкөбүздүн 30 жылдык тарыхында сөз эркиндигин, адилеттүүлүктү коргоодо, силердин журналисттердин салымыңар зор болду. Бул баалуулуктарды коргоп журналисттер бийлик, укук коргоо органдары тарабынан куугунтукталып, камалып, өмүрүнөн дагы ажыраган учурлар кечээ эле башыбыздан өттү. Көптөгөн журналисттер өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болушту. Мына ушул кыйынчылыктардын баарын силер менен бирге, атам Бабырбек дагы башынан өткөрдү.

Тилеке каршы, биздин өлкө, элибиз эркиндик, адам укугу, сөз эркиндиги үчүн күрөшкөн адамдарды дээрлик баалабайт. Байкасаңар, бизди бул баалулуктарды басмырлаган, куугунтуктаган мамлекеттик ишмерлер бааланат. Бул убактылуу болсо керек. Себеби, биз али күнгө чейин советтик авторитардык көз караштан, системадан айрыла албай келебиз.

Бүгүн силердин чогулуп, атамды эскерип атканыңар, атамдын эркиндик, сөз эркиндиги үчүн күрөшүүнүн уландысы, далили. Бул, атамдын көптөгөн эркин, эгемендүү журналисттерди тарбиялап өстүргөнүнүн далили.

Атамдын, силердин, “Алиби” гезитинин эркиндик үчүн күрөшү токтобойт, уланат. Силер, биз улантабыз.

Эске салсак, чыгаан журналист Бабырбек Жээнбеков 2019-жылы, 22-мартта 68 жашында узакка созулган оорудан каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости