www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоонун таза өтүшү боюнча алдыртан камылга көрө баштады. Ички иштер министри Улан Ниязбековго коомдук-коопсуздук абалды тыкыр көзөмөлгө алуу, мыйзамдуулук, тартип боюнча тапшырма берди.

Бул саам шаар, аймактарда административдик ресурсту колдонууга, добуш сатып алууларга катаал жазалар колдонулары айкын болду. Албетте, мыйзамдын алкагында...

Эгерде шайлоодо өзгө-жатка бөлбөй баарына бирдей шарттар коюлуп, эл колдогон партия, талапкерлер Жогорку Кеңешке таза жеңиште келишсе, өлкөдө ТУРУКТУУЛУК камсыздалат.

Дал ушул өңүттөн Садыр Жапаров акыйкат жолду көрсөтүп берсе, былтыркы, дегеле мурдагы «шайтан оюндарды» кайталашпаса, анда бийликтин да пайдубалы бекемделет. Дүйнөлүк алкакта да мамлекетибиздин аброю жогорулайт эмеспи.

Ал эми парламентке чыныгы тандоонун негизинде келишкен депутаттар ансыз деле президент менен кызматташууга кызыкдар болушат. Эмесе, ийги жагын эстен чыгарбай, аягына чейин үлгүлүү жолду улантууга батынышса...

Булак: Азия News гезити

Последние новости