www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Демилге.kg” маалымат борборунда “Кыргызстандын маалымат коопсуздугу: коркунуч жана  тынчсыздануу жаратуучу жагдайлар”-деген темада Кереге кеңеш болуп өттү.

 Баарлашууга Кыргызстандын белгилүү журналисттери, чыгармачыл адамдары –Чолпонбек Абыкеев, Байас Турал, Кадыр Кошалиев, Олжобай Токтосунов, Элнура Кулуева, Эмил Момунов, Гүлжан Шерипбаевалар катышты. Кереге Кеңештин ишин жаш журналист Дастан Алдаяров алып барды. Талкуунун жүрүшүндө  кыргыз журналистикасынын күнгөй -тескейи жөнүндө кызыктуу кептер, ойлор, сунуштар айтылды.

Азыркы туташ кризистен чыгууда, идеологиялык иштерди иреттүү жүргүзүүдө ММКлардын ролу, журналисттик этика, сөз менен иштөөнүн ыйыктыгы,  кесипкөйлүк, кадр даярдоо, коомдук пикирди туура калыптандыруунун мааниси жөнүндө омоктуу ойлор айтылды. ММКларда аргумент келтирүү, фактынын үстүндө иштөө жетишпей жаткандыктан, ушак менен чындыкты ажыратуу кыйын болуп бараткандыгы, адам тагдыры менен ойноого болбой тургандыгы, басылмалардын мазмуну, тили, стили, жанрлардын сакталышы, грамматикалык сабаттуулугу жагынан  кыргыз журналистикасы аксап жаткандыгы ачык айтылды.

Кыргыз журналистикасы өз жүзүн сактап, жалпы журтка калыс кызмат кылышы үчүн Журналисттер союзунун ишин жаңы деңгээлге көтөрүүнүн зарылчылыгы баса белгиленди. Кереге Кеңештин катышуучулары бир ооздон кыргыз журналистикасы бийликтин, саясатчылардын, байлардын куралына айланып, алардын курмандыгы болбостон, жалпы коом үчүн ак кызмат өтөп, элди улуу жеңиштерге үндөп, чабыт баштап  дайыма алдыда болгондо гана өз милдет вазипасын так аткарган болор эле - деген  тилектерин билгизишти.

Эленора Дуйшөналиева, Демилге.кж

Последние новости