www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаар МАИ башчысы Талантбек Барпиев иш билги, мыкты жигит бол гону менен мыйзамсыз иштерге да барып жатканы өкүнүчтүү. Гезитибиздин өткөн санында МАИде иштебеген эле бирөө бир жыл бою айлык акы алып жүргөнүн жазган элек.
Бул боюнча териштирүү иштерин ИИМдин Ички коопсуздук кызматы иликтеп жатса керек. Бирок андан майнап чыгабы? Анткени аталган башкармалыктын башчысы Барпиевдин жердеши, коргоочусу Искандар мырза болуп жатпайбы. Анан ал кантип акты ак, кара кара дейт? Карга карганын көзүн чокубайт да. Дагы бир кызык жагдай, ИИМ министри Улан Исраилов да чара коре албашы мүмкүн.
Анткени, ал өткөндө Эркин Мамбеталиевдин стоянкадагы машинелерин чыгарып берген ттөрт бөлүм башчыны кызматтан алып, ал эми алардын жетекчиси Барпиевди калтырып койгон. Ал эми ИИМдеги кадр маселесин Ички коопсуздук кызматынын башчысы Искандар мырза чечип жатканын эске алсак, демек Барпиевди түздөн-түз ошол киши өзү колдоп келээри ачыкталып жатпайбы.
Эч кимге тили өтпөгөн Исраиловду Сокең кызматтан кетирүүгө даабай жатат. Анткени, Исраиловдун тагдыры Икрамжан Илмияновдун колунда. Ошентип Сокең өз алдынча чечим кабыл алууга батына албай Икрамдан коркуп отурат...болбосо бир чара көрөт эле го эмгиче...
Булак: "Ачык саясат плюс"