www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров менен Орусиянын мамилеси татаал, ийкемдүү эмес. Орусия чакан, чабал болсо да ойкуп-кайкып чоң мамлекеттер менен саясатта туруктуулугун сактабай өзүм билемдикке салып көнүп алган Алмазбек Атамбаев менен тирешкиси келген эмес. Анткени, СССРдин курамынан чыккан Балтика боюндагы мамлекеттер Евросоюзга кирип кетишип, Орусиянын душманына айланышкан. Кара деңиздин жээгиндеги Грузия, Европага чектеш Украина, Молдова Евросоюзга киребиз дешкенде “ак эткенде, так этип” турушкан. Алар орусиялыктардын “чапанын кийишкен” Янукович, Додондор келишкенде Москванын сөзүн сүйлөп, батышчылдар бийликке келгенде НАТО, Евросоюз дешип ак өпкө болуп турушкан. Азербайжан мунайзатына таянып, Түркмөнстан газына таянып Орусия түзгөн ШКУ, ЕврАзЭК, ЖККУ сыяктуу уюмдарга кирүүнү калашпай турган. Өзбекстан ЖККУну Ташкенде баштап коюп, кайра чыгып кеткен. Ушундай татаал мезгилдерде бир келжиреген президент менен кармашып, саясий абалды туруксуздаштырмак беле? Эмнегедир 2016-жылдын башында Орусия Кыргызстан мамилеси таптакыр сууп калган, бирок Путин 2016-жылдын күзүндө Үркүндүн 100 жылдыгына Кыргызстанга келет. Атамбаев арактан кенен согуп алып Путинди кайра-кайра өпкүлөгүсү келет. Ошондуктан, 2017-жылы президент болуп Жээнбеков келгенде Атамбаевден кутулганына Путин сүйүнгөндүр. Ал эми Атамбаев” досум карабай койду” деп Путинге эмгичекти таарынычта. Саясатта достук жок.

Жээнбеков ал-абалды оңдойбу деп Орусия күтүп турганда түрмөдөн чыга калып Садыр Жапаров мамлекет башында болду. Бул Москва үчүн оор сокку болду. Анын үстүнө тышкы иштер министри Казакбаев Москвага барганда кыргызча суроо берип, Казакьаев кыргызча жооп берди. Бул инцидент Орусияны сестентип койду. Ошол боюнча Жапаров президент болуп шайланып келгиче Москва бир-ооз унчуккан эмес.Президент болгондокн кийин Жапаров Москвага барып Путин менен саламдашып келди.

 Ал эми Атамбаев “Урунарга тоо таппай, урушарга жоо таппай” Гүлен боюнча Түркиянын президенти Эрдоган менен эрегишип, терс карашып калган. Түрк мамлекеттери өтө турган саммиттер саамактырып өтпөй жаткан. Кийин 2017-жылы Казакстандын президенти Назарбаев менен “жекеме-жеке” чыккан. Президент болгон соң элдин, мамлекеттин ахыбалын ойлош керек эле, ал эми Атамбаев өзүнүн жеке позициясын алдыга койгону туура жмес. Мисалы андан мурунку президент Курманбек Бакиев “Датка-Кемин” электр жолунун долбоорун, ТЭОсун бүт бүтүрүп, ишти баштап койгон. Атамбаев тарыхта менин атым калат деп, “Датка-Кеминди” бүтүрттү. Ал эми 2010-жылы ЦАРИИде болгон жыйында ТЭЦтин курулушу боюнча долбоорлор каралган. Ал жерде эки долбоор бар эле, бири бул ТЭЦти бүтүрүүгө 200 млн. долларлык долбоор жана ушул ишке 150 млн. доллар корото турган курулуш болгон. Ошол мезгилде ЦАРИИнин маалымат бөлүмүн тейлеген Сапар Исаков бул долбоорлорду кантип билбесин? Максим Бакиев менен 2010-жылдын 6-апрелинде Вашингтонго учуп кеткен Сапар Исаков кайрылып келип Убактылуу Өкмөттүн биринчи орунбасары Атамбаевдин эң жакын адамына айланып, ал президент болгон соң тышкы саясатын тейлеп, Кытайдын ТВЕАсына 386 млн. долларга ТЭЦти капиталдык ремонттон өткөздү. Башка ашына мамлекеттер мындай акчага эки ТЭЦ куруп алышты. Ал эми бүтүп бараткан “Камбар-Ата”-2 ГЭСтери кароосуз калды.

Ушул Атамбаев деле Бакиевдин учурунда сопсонун эле иштебеди беле? «Бийликти мыйзам алкагы менен алууга болбойт, бийликти басып алыш керек!» -деген саптардын автору ошол мезгилдеги оппозиционер А.Атамбаев болгон. Бийлик алмашты. «Ким  Ак ʏйдʏ басып алса, ошол бийликке келет» -деген Атамбаев министрлик «креслого» эптеп илелешти. Анан премьер-министр болуш ʏчʏн элди канча козгоду? Кѳксѳгѳн ѳкмѳт башчысына жетер менен ѳлкѳнʏ 2007-жылы кʏзʏндѳ кымбатчылык каптап, «Данакер» орденин тѳшʏнѳ кадап Бакиев жылуу жумшак узатып жиберди. Ага карабай Медет Садыркуловду ортого салып 2008-жылдын жазында Германияда ооруп жаткан Бакиевге чейин жетип, Бишкектин мэрин мээлжеп турду. Курманбек Салиевич кур алакан калтырганда оппозицияга ооп, 2009-жылы президентке талапкер болуп, шайлоо кʏнʏ шайлоочуларынын ишенимин сатып, талапкердигин алып салды. Ошол мезгилде оппозиционер Атамбаев: «Керек болсо миӊ адамдын ѳмʏрʏн курмандыкка чалсак дагы бийликти басып алабыз!»- деген жалындуу сѳзʏн айтып жатпайбы, катыгʏн! Ишенбегендер Феликс Куловдун  «Ашууда» деген мемуарын окуӊуздар. «Ириген ооздон, чириген сѳз чыгат», анын оозунан чыккан сѳздʏн айынан 2010-жылдын 7-апрелинде, июнь коогалаӊында канчалаган адамдар курмандыкка чалынды?

2005-жылдагы пардламенттик шайлоодо Курманбек Бакиев депутаттыкка талапкердигин коюп Тогуз-Торо менен Жалал-Абаддын ортосунда “каардуу из”, бул “из” уланып отуруп Жалал-Абадда чоң өрткө айланып, бийликтин алмашуусуна шарт түзүлөт. Ал бийликке келгенде ошол мезгилде президенттин аппарат жетекчиси «Эки тизгин, бир чылбырды» колуна кармап, «ханга салам бербей» калган, бийлик диктатурасын орнотуп жаткан Медет Садыркуловдун колдоосу менен  Алмазбек  Атамбаев ѳкмѳт башчысы болуп келет. «Жыландын куйругун басып алгандарды» эмдей койгон, кээ бирлерин «Эки чайнап, бир жуткан» Атамбаев президент Бакиев тууралуу абдан жылуу сөздөрүн айтып, кокусунан уу жутуп алдым деп маалымат таратат. Ал уу жутуп алдыбы же “ак суу” жутуп алдыбы текшерген деле киши болгон жок. Медет Садыркулов гана анын кабинетинен айланып өтүп калган, себеби качан болсо кызуу абалында, иштебей эле элди жаман көрсөтүп бүтүрдү деп. Ошол себептен аны кызматынан бошотууга туура келсе керек.

Ал кезде МЧС «Ак-Жол» партиясын тʏптѳй коюп, 2007-жылдын аягында парламенттик шайлоо ѳткѳзʏп, Атамбаевдин СДПК партиясын «кол бала» оппозиционер кылып «жашыл жарык» кʏйгʏзʏп берген. 2008-жылы Атамбаев МЧСти ортого салып Германияда дарыланып жаткан Бакиевдин алдында Бишкек мэрин сурап жалдырап отурбады беле?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости