www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушул күндөр аралыгында Кытай Эл Республикасынын Пекин жана Шинжаң шаарларында «China Closer» медиа-туру өтүп жатат.
Кезектеги сапар эң даамдуу хами коонунун баалуулугун арттырган заманбап илимий борбор болду.
Биздин кезектеги иш сапар 2023-жылы ишке берилген Хами коонунун өндүрүштүк чынжыры боюнча кызмат көрсөтүү борбору — бул айыл чарба, илим жана маданиятты айкалыштырган ири комплекстүү мекемеге бардык.
Анын негизги максаты — Хами коонунун сапатын жакшыртуу, брендин өнүктүрүү жана тармактын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу.
Жемиш өндүрүшүнүн чынжыр платформасынын көргөзмө борбору.
Бул борбордо Хами коонуна байланыштуу бардык маалыматтар кеңири чагылдырылат:
Платформанын түзүлүү себептери жана максаттары,
жалпы концепция жана өнүгүү пландары,
ички түзүлүшү жана келечек багыттары тааныштырылды.
Хами коонунун генетикалык фондусу
Бул бөлүмдө төмөнкү иштер жүргүзүлөт.
Коондордун ар кандай түрлөрүнүн үлгүлөрүн чогултуу жана сактоо, алардын сырткы белгилерин изилдөө,
генетикалык маалыматтарды системалаштыруу жана база түзүү.
Селекция жана сапатты көзөмөлдөө лабораториясы жана лабораториянын негизги багыттары
Коондун жаңы сортторун иштеп чыгуу жана селекциялоонун заманбап ыкмаларын изилдөө,
генетикалык ресурстарды жакшыртуу,
толуктай сапатты көзөмөлдөө системасын түзүү — үрөндөн баштап керектөөчүгө жеткенге чейин байкоо жүргүзөт.
Борбордун негизги максаттары:
Хами коонунун сапатын жана сортторун эл аралык деңгээлге чыгаруу;
Жергиликтүү брендди таанытуу жана коргоо;
Аймактык айыл чарба өнөр жайын илимий негизде өнүктүрүү;
Бул борбор Синьцзяндын уникалдуу айыл чарба продуктусун — Хами коонунун — дүйнөлүк рынокко чыгарууда маанилүү кадам болуп эсептелет. Ал илим менен өндүрүштү айкалыштырып, аймактык өнүгүүгө чоң салым кошот.
Хами коону — Синьцзяндын ширелүү байлыгы
Хами коону (кытайча “Хамигуа”) — Кытайдын Синьцзян-Уйгур автоном районунун атактуу айыл чарба өстүрүмү. Ал аймактагы Хами шаарынын атынан аталып, дүйнөгө даңкы тараган ширелүү жана таттуу коон катары белгилүү.
Бул коон өзгөчө даамы, жогорку сапаты жана пайдалуулугу менен айырмаланат.
Анын кабыгы жука, ичи ширелүү жана өтө таттуу келет. Мындан тышкары, дээрлик уруктары жок болгондуктан, жегенге да ыңгайлуу.
Келип чыгышы жана түрү
Бул түргө канталупа жана бал коону (Honeydew) сыяктуу эл аралык сорттор да кирет. Бирок Хами коону аларга салыштырмалуу даамы боюнча өзгөчө бай жана жагымдуу.
Өстүрүлүү шарты
Хами коону негизинен Синьцзяндагы Хами шаарынын айланасындагы Иу уездинде атайын корголгон жерлерде өстүрүлөт. Бул аймактын климаттык шарттары — күндүн көп тийиши, кургак аба ырайы жана чоң күн-түн температура айырмасы — коондун ширелүү жана таттуу болушуна өбөлгө түзөт.
Сактоо ыкмасы
Бул коондун дагы бир өзгөчөлүгү — атайын төмөнкү температурадагы сактоо ыкмасы колдонулат.
Мунун аркасында коондун табигый даамы, ширеси жана азыктык баалуулугу узак убакыт сакталып турат.
Маданий жана экономикалык маңызы
Кытайда Хами коонунун 100дөн ашык түрү жана гибриди бар. Бул коондор ички рынокто да, экспорт үчүн да чоң суроо-талапка ээ. Хами коону Синьцзяндын бренди катары таанылып, жергиликтүү тургундар үчүн негизги киреше булагы.
Саламаттыкка пайдасы
Хами коону С витаминине, фолий кычкылы жана минералдарга — калий менен магнийге бай. Бул элементтер организмди тазалайт, иммунитетти бекемдейт жана жүрөк-кан тамыр системасына пайдалуу.
Жыйынтыктап айтканда, Хами коону — бул табигый таттуулуктун жана ден соолукка пайдалуулуктун үлгүсү. Синьцзяндын күн нурунан жана кургак абасынан жаралган бул жемиш — Кытайдын гана эмес, дүйнөнүн даам сүйүүчүлөрүн суктандырып келет. Аталган аймакта коондун 100дөн ашуун түрү бар жана учурда коондон таттуулар, сыра иштеп чыгарылууда.
Эске сала кетсек, 2025-жылдын 12–23-июну аралыгында Кытай Эл Республикасынын Пекин жана Шинжаң шаарларында «China Closer» медиа-туру өтүп жатат.
Медиа-турдун максаты — Кытайдын аймактык өнүгүүсүн, маданиятын жана жаңы технологиялык жетишкендиктерин эл аралык журналисттерге жана медиа өкүлдөрүнө таанытуу.
Иш-чаранын уюштуруучусу - CCTV (CCTV+) видеомаалымат агенттигинин президенти, башкы директору жана башкы редактору Гао Вэй.
Аталган иш- чарага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Пакистан, Гана, Африка, Эфиопия, Мьянма, Лаос, Мазамбик, Сауд Арабия, Ирак ж.б. өлкөлөрдүн медиа өкүлдөрү катышууда. Ага Кыргызстандан NazarNews маалымат агенттигинин башкы редактору Гүлжан Шерипбаева чакырылган.